Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Балыкчыда айыпталуучулар сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартышты


23-июлдагы Балыкчыдагы окуя боюнча соттук териштирүү бүгүн улантылды. Адвокат Азимбек Бекназаровдун судья Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө тууралуу апелляциялык арызын Жогорку Сот караганга чейин соттук жараянды токтото туруу тууралуу өтүнүчү канааттандырылган жок. Белгилүү болгондой, адвокаттар жана айыпталуучулар судья Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөй турганын билдиришкен, бирок Ысык-Көл облустук соту аны канааттандыруудан баш тарткан. Судья Болот Дүйшөмбиев бүгүн соттук териштирүүну баштаганына нааразы болгон айыпталуучулар сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартышарын билдиришти. Прокурорлор өз кезегинде мурунку көрсөтмөлөрдүн негизинде ишти улантууну сунушташты. (AiT)

XS
SM
MD
LG