Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Бакыт Сыдыков Австрияга кетти


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Абай Алымкуловдун билдирүүсүнө караганда, партия лидери Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков эс алуу үчүн Австрияга жөнөп кетти. Анын ден-соолугу дурус. Азыркы мезгилде Бакыт Сыдыковдун сабалып, тонолушуна байланыштуу окуянын саясий себеби бар экендиги тууралуу маалымат жок. Белгилүү болгондой “Манас” аба майданын жетекчиси Бакыт Сыдыковду өткөн жумада белгисиз бирөөлөр сабап, жанындагы акчасын алып, автоунаасын айдап кетишкен.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG