Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Өзбекстанга газ карызы төлөнүп бүтө элек


“Кыргызгаздын” маалымат кызматынан бүгүн алынган кабарга караганда, Өзбекстан газы үчүн карыз 8,5 миллион доллар бойдон турат. “Кыргызгаз” аны элдин 187 млн. сом, бюджеттик мекемелердин 18,5 млн. сом жана өнөр жай ишканаларынын 92,2 млн. сом карызынын эсебинен төлөөнү пландаштырып жатат. Бул мекеме-ишканалардан жана калктан акча жыйналаар замат каражат Өзбекстанга которулмакчы.

Өзбекстан 1-декабрга чейин карызды толук төлөө талабын коюп, эгерде төлөнбөсө газды өчүрүүгө чейин барарын эскерткен.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG