Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

К. Исабеков СДПнын билдирүүсүнө жооп берди


20-ноябрда Социал-демократтар фракциясынын депутаттары массалык маалымат каражаттары аркылуу “фракция парламенттин 70-жылдык мааракесине арналган ыгы жок майрамдык иш чараларга катышпайт” деген билдирүү тараткан эле. Парламенттин төрага орунбасары, мааракелик иш чараларды өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясынын жетекчиси Кубанычбек Исабеков өзүнүн билдирүүсүндө, парламенттин 70 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн бир катар иш чараларга Социал-демократтар фракциясынын айрым депутаттары катышып, алардын башка бардык депутаттар менен катар эле “Жогорку Кеңешке 70 жыл” юбилейлик медалдарын, китептерин алгандыгын билдирген. “Биздин оюбузча СДП фракциясынын бул билдирүүсү фракциядагы бардык депутаттардын көз карашын чагылдырбайт. Анткени айрым депутаттар мааракелик иш чараларга катышты. Ошондуктан бул билдирүү фракция ичиндеги позициялардын ыраатсыздыгынан жана фракция ичиндеги бөлүнүп жарылуулар болуп жаткандыгынан кабар берет. Бизди өлкөнүн тарыхындагы ушундай маанилүү датанын өзүбүздүн кесиптештер тарабынан саясий полемикалардын предметине айландырылып жатканы өкүндүрөт. Биз СДП фракциясын иштөөнүн популисттик ыкмаларынан арылып, башка фракциядагы кесиптештери менен конструктивдүү диалогго барууга чакырабыз”, -дейт Кубанычбек Исабеков билдирүүсүндө.

Билдирүүдө юбилейлик иш-чараларды уюштурууга республикалык бюджеттен бир тыйын коротулбагандыгы да айтылган.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG