Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Ирактагы парламенттик шайлоо кечеңдеши ыктымал


Иракта парламенттик шайлоо белгиленген мөөнөттө өтпөшү мүмкүн. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын төрагасы Фараж ал-Хайдари билдирди. Жалпы шайлоо 2010-жылы 18-23-январда өтмөк. Бирок вице-президент Тарик ал-Хашеми шайлоо жөнүндөгү мыйзам чет өлкөлөрдө жашаган ирактыктардын укуктарын чектейт деген жүйөө менен анын бир бөлүгүнө вето койгон. Кечээ (23-ноябрда) парламент түзөтүү киргизилген документти президенттик кеңешке кайтарган. Бирок вице-президент сөз кылган маселе каралбагандыктан, мыйзам долбооруна кайрадан вето коюлушу ажеп эмес. Шайлоо кодекси добуш берүүгө 60 күндөн кем эмес убакыт калганда кабыл алынууга тийиш. Шайлоонун кечеңдеши АКШнын аскерлерди Ирактан чыгаруу планына да таасир этиши ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG