Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Иранда реформачы ишкер күрөөгө койо берилди


Иранда бүгүн (24-ноябрда) белгилүү реформачы Мохаммад Атрианфар абактан күрөөгө койо берилди. Тегеран шаарынын прокурору ИРНА маалымат агенттигине кабарлагандай, Атрианфар соттолуп, эркинен ажыратууга өкүм кылынгандан кийин 5 миллиард риал же 500 миң доллар күрөөгө убактылуу бошотулду. Дагы бир кабар агенттиги Атрианфар 6 жылга кесилгенин билдирди. Оппозициячыл ишкерлердин тобуна кирген бизнесмен июндагы талаш-тартыш туудурган президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларына байланыштуу айыпталган. Ал реформачыл экс-президент Мохаммад Хатаминин жакын кишиси катары белгилүү. АА.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG