Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Иранда студенттерге эскертүү берилди


Иран полициясынын башчысы оппозиция жактоочуларын 7-декабрь – Студенттер күнүн көчө жүрүштөрүн уюштуруу максатында пайдаланбоону эскертти. Өлкө бийликтери учурда июндагы президенттик шайлоону коштогондой ири демонстрациялардын өтүшүн алдын алууну көздөөдө. Өз демонстрациясын чогулта албагандыктан ирандык реформачылар расмий даталар учурундагы жыйналууларды нааразылык акциясына айлантууга аракеттенип жүрөт жана студенттик жамаат ичиндеги жактоочуларын 7-декабрда ушундай кадамга барууга үндөгөн. Июндагы шайлоодон бери полиция анда азыркы президент Махмуд Ахмадинежаддан кийинки экинчи орунду алды деп табылган мурдагы премьер- министр Мир Хоссеин Мусавинин жактоочулары менен бир нече ирээт кагылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG