Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Мекеде бир кыргызстандык жаран каза болду


Ажылыкка барган Муктар аттуу жалабаттык 68 жаштагы адам Мекеде каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын ажылык боюнча штабынын өкүлү Рахматулла Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, каза болгон жарандын жубайы жанында болчу, анын сөөгү ошол жактан жерге берилди. Эртең таңдан Мекеде негизги ажылык зыяраттар башталат. Зыяратчылар Арафат тоосуна чыгышат. Былтыр ажыга барган ондон ашык кыргызстандык жаран ар кандай оорудан каза болуп Мекеден кайтпай калышкан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG