Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Меккеде ажылык башталды


Бүгүн дүйнөнүн ар кайсыл мамлекеттеринен ыйык Мекке жана Медина шаарларына келишкен жүз миңдеген мусулмандар исламдагы беш парздын бирин - ажылыкты - башташты. Адатта жылына Меккеге келген зыяратчылардын саны 2 млн.дун тегерегинде болот. Бирок быйыл чочко илдетин жугузуп алуу коркунучунан улам, алардын саны азыраак болот го дешет. Төрт зыяратчы бул илдеттен көз жумду, бирок Арапстандын саламаттыкты сактоо министрлиги илдеттин алдын алууга даярдыгы мыкты экенин айтып чыкты. Коопсуздукту камсыз кылууга 100 миңден ашуун полисмен киришет, андан сырткары, 20 миңдей догдур да ушул аймакта кызматта турат.

XS
SM
MD
LG