Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Индия жана АКШ өзөктүк келишимге дээрлик жетишишти


Американын президенти Барак Обама менен Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх Нью-Делиге жарандык өзөктүк энергияга ээ болууга мүмкүндүк берчү келишимге жетишүү алдында турушканын билдиришти. Алар биргелешкен билдирүүнү шейшембиде Вашингтондогу маалымат-жыйынында жасашты. Эки лидер, мындан сырткары, аба-ырайынын ысып баратышын да талкуулашты. Декабрда Копенгагенде Улуттар уюмунун бул боюнча ири конференциясы өтөт. Ага чейин Обаманын администрациясы Индия жана Кытай өңдүү ири мамлекеттер менен абага чыгарылып жаткан булганыч газдын көлөмүн кыскартуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG