Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Уюшкан кылмыштуулук маселелери талууланды


Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө тартип коргоо органдарын күчтөндүрүү боюнча кечээ Бишкекте эл аралык жыйын өттү. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек борборунун колдоосу менен уюштурулган бул иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Литва жана Казакстандан адистер катышышты, бири-бири менен тажрыйба алмашышты. Аталган уюмдун Бишкек борборунун башчысы Эндрю Тесорьер ЕККУ Кыргызстанга уюшкан кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү үчүн каржы чалгындоо кызматы менен укук коргоо органдарынын кызматташуусу боюнча, абакканалардын өкүлдөрүнүн, жарандык коом жана жаштар топторунун программаларын колдоого даяр экенин билдирди. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр соңку учурларда уюшкан кылмыштуу топтор бийлик структурасына чейин аралашып кетти, деп айыптап келишет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG