Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

ВИЧ/СПИДди жыныстык жол менен жуктургандар көбөйдү


Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдетин ийне менен жуктуруп алгандар саны азайып, жыныстык жол аркылуу бул дартка кабылгандар көбөйүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык “Спид” бирикмесинин башчысынын орун басары Айгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, атайын текшерүү жүргүзгөндө бул ооруну жыныстык жол менен жуктуруп алгандардын көпчүлүгүнүн өнөктөштөрү маңзаттарды колдонгондор экени аныкталган. А. Исмаилова соңку учурларда аялдар арасында ВИЧ/СПИДге чалдыккандар көбөйүп, жалпы оорулуулардын 34% түзүп калганын маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бул илдетке кабылган адамдар саны 2,5 миңден ашты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG