Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Газдын жоготууга учурап жаткан себеби иликтенет


Өкмөт башчы Данияр Үсөнов 30-ноябрда “Кыргызгаз” ишканасынын жана Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, газды көп жоготууга алып келип жаткан жагдайларды талкуулайт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр өкмөт үйүндө жылуулук сезонуна даярдык маселелерин талкуулап жатып билдирди. Учурда көгүлтүр отундун 25 пайызы жоготууга учурап жатканын айтып “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеевди жемелеп өттү. Энергетика министри Ильяс Давыдовдун билдиришинче, газ уурдап алуулардын, көзөмөлдөөчү кызматкерлер менен элдердин жең ичинен сүйлөшүп алышынын айынан жана техникалык себептерден улам жоготууга көп учурайт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG