Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

МАГАТЭ Ирандын атомдук программасын талкуулоодо


Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик Ирандын ядролук программасы боюнча эки күндүк жыйын баштады. Анда Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия сунуш кылган резолюция каралмакчы. Агенттиктин башкаруучулар кеңеши Иранды айыптаган документти колго салышы ыктымал. Эл аралык арачылар Тегеранга чала байытылган уранды андан ары Франция менен Россияда байытып, тынч максаттарда пайдалануу үчүн кайрадан Иранга жеткирип турууну сунуш этишкен. Иран өкмөтү ага негизинен макул болгону менен айрым кепилдиктерди талап кылууда. Бул - мекеменин башкы директору Мохаммад Ал Барадеинин жетекчилигиндеги акыркы жыйын болмокчу. Барадеи 12 жылдык мөөнөтүн аяктап, дүйшөмбүдө кызматынан расмий кетүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG