Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Бишкекте Патрушев пайда болду...


25-ноябрда Кыргызстанда жашыруун сапар менен Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев болуп кетти. Ал Бишкекте Курманбек Бакиев менен жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзгөн.

Россиянын жогорку деңгээлдеги атка минерлеринин Кыргызстанга жарыя кылынбаган сапарлары акыркы мезгилде өнөкөткө айланып калды. Маселен, июль айында Россиянын вице премьер-министри Игорь Сечин жана коргоо министри Анатолий Сердюков, октябрь айында орус президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин ачыкталбаган сапар менен келип кеткен.

Эми мына 25-ноябрда Кыргызстанга Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев келип, ошол эле күнү президент Курманбек Бакиев менен жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрүп кетти. Президенттин маалымат кызматы жолугушуу жабык болгондуктан эч кандай маалымат берилбесин билдирүүдө.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын өкүлү да Патрушевдин сапары тууралуу эч кандай маалымат бере албасын билдирди:

- Мен бул боюнча эч нерсе айта албаймын. Анткени бизде маалымат жок. Сиз өкмөт же президенттин маалымат кызматына кайрылыңыз.

Расмий маалыматтар жок болгондуктан Патрушевдин сапары эки өлкө чечүүгө бел байлаган маселелерге байланыштуу деп боолголоого болот.

Эки өлкө болсо Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана түштүк региондо орус аскер базасын жайгаштырууну акыр аягына чейин чече албай келатат. Анын үстүнө бул эки долбоорго тең Өзбекстан каршылыгын билдирген. Кыргызстан коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковдун пикиринде, эки тарап ушул маселени талкуулашы ыктымал:

- Патрушев келгенинин максаты түштүк жактагы база болсо керек. Эң башкы маселе ошол болсо керек. Өзбекстан да ага байланыштуу өзүнүн саясатын жүргүзүп жатканда ошого байланыштуу сөз болот. Жалпысынан коопсуздукка байланыштуу маселе көтөрүлөт. Экинчиден, азыркы саясатка байланыштуу атайын тапшырмалар менен келиши мүмкүн.

Николай Патрушев менен жашыруун сүйлөшүүлөр өткөргөн күндүн эртеси 26-ноябрда президент Курманбек Бакиев Минск шаарында боло турган КМШ лидерлеринин саммитине жөнөп кетти.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Патрушевдин сапары учурунда КМШ маселелери менен кошо эки тараптуу мамилеге байланыштуу да маселелер да талкууланышы ыктымал:

- Бул Минск саммитинин алдында жалпы Россиянын позициясын макулдатканга болгон аракет деп түшүнсөк болот. Анткени белгилүү болгондой кийинки убактарда КМШ саммиттерине биздин Кыргызстан гана барып, калгандары барбай калып жатпайбы. Экинчиден, түштүктөгү аскердик базанын ачылышы боюнча эки ача пикирлер болуп жатат. Ноябрда кол коюлуш керек эле. Ал созулуп калды. Себеби дегенде Ошто болот, Баткенде болот... Баткенде болсо статусу кандай болот? Кайсы жерге курулат деген бир топ маселелер талкууланыш керек болуп жатат.

Орозбек Молдалиев аскердик база маселеси боюнча Өзбекстан менен да макулдашуу жүргүзүлүш керектигин кошумчалады.

Кыргызстан менен Россия Ош же Баткен облусунда аскердик базаны ачуу боюнча 1-ноябрга карай келишимге жетишүүнү белгилешкен. Бирок ал кечеңдөөдө. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана ага орус тараптан 1 млрд 700 млн доллар насыя бөлүү маселесинде жылыш байкалбай турат. Кыргызстан Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу бул маселени тездетүүнү сентябрь айында көтөргөн. Бирок ага жооп боло элек. Бул арада Россия менен Тажикстан ортосунда Сангутта ГЭСи боюнча жаңжал чыгууда. Мына ушул чатPatrushevакты эске алып, Кыргызстан орус тарап менен Камбар-Ата боюнча жетишкен келишимде кайра караса болот эле дейт Орозбек Молдалиев:

- Дагы бир ойлонто турган нерсе , Сангуттанын абалын көрдүк. Тажикстан 71% акцияны Россияга берип коюп, электр энергиясы жагынан Россияга карыз болуп, ГЭС өчүрүлүп, жарык берилбей ушундай жаман абалда калып жатат. Ошон үчүн биз Камбар-Атаны терең ойлонушубуз керек.

Москва менен Бишкек мурда жетишкен макулдашууларды аткаруунун үстүндө кыйшаюусуз иштеп жатышканын расмий маалыматтарда билдирүүдө. Маселен, өткөн жумада орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен кыргыз премьер-министри Данияр Үсөнов жолугушуусунан кийин ушундай маалымат таратылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG