Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Кыш келе берсин, өкмөттүн көңүлү ток


Премьер-министр Данияр Үсөнов
Премьер-министр Данияр Үсөнов

26-ноябрда өкмөт кышка даярдык кандай жүрүп жатканын талкуулаган жыйын өткөрдү. Эки жылдан бери Кыргызстандын шаар, айыл-кыштактары маал-маалы менен жарыксыз отурууга көнүп калган чакта газ маселеси чыгууда.

Өкмөттүк жыйында Ош жылуулук борборуна керектүү 16 миң тоннага жакын мазут эмдигиче сатылып алынбай жатышы премьер-министр Данияр Үсөновду кызыктырып, ишкана жетекчисин суракка алды.

- Мага айтыңызчы, эмне себеп менен мазут албай жатасыңар?
- Мен Ош ТЭЦинин директору Аттокуров. Бүгүнкү күндө ТЭЦте 4 тонна 680 тонна мазут бар. Андан сырткары “Кыргызнефтегаз” АК 5780 тонна мазуту бар экен...
- Мен аны уктум. Урматтуу директор, эмне үчүн силер ошол резервде турган мазутту сатып албайсыңар? Акчаңар жокпу?
- Ушу акча болбой жатат да.
- Анда айтпайсыңбы, акча жок деп!

Аткаруу бийлик өкүлдөрүнө салыштырмалуу карапайым калк кыйла камдуу-чомдуу экенин айыл өкмөт, шаар бийлик жетекчилеринин ар бир үйгө кирип канча отуну бар экенин текшерип чыгуусу көрсөткөнүн өкмөт башчы маалымдады.

Көмүр баасы Баткенде тоннасы 5-6 миңге чыгып кетсе, Нарында 2,5 - 3 миң сомдон сатылып жатканы кабарланды. Өкмөттүк жыйында чоң сынга “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси Саламат Айтикеев кабылды. Өзбекстандан 1000 кубометри 240 доллардан сатылып келген “көгүлтүр отундун” 25% уурдалып жок болуп жатса, анын ордун өкмөт өзүнүн эсебинен толтурууда. Антпесе кыш күрөөдө Өзбекстан Кыргызстанга келчү газ түтүктү жаап коюшу турулуу иш. Тармактын карызына деп өкмөт 600 миллион сомду Өзбекстанга төлөп берүүдө.

Д.Үсөнов:
- Эми ал келип алып минтет: “Байкелер, 600 миллионду чечип бердиңер. Мына дагы 400 миллион карыз. Бул кандай мамиле? Айлыкты эмнеге алып отурушат? Айтикеев мырза, айлыгыңыз канча? Кошумчасы, башкалары менен.

С.Айтикеев: - 52 миң сом.
Д.Үсөнов: - Сом мененби?
С.Айтикеев: - Ооба.
Д.Үсөнов: - Жакшы жашап жатыпсыңар. Уятыңар жок экен! Уятыңар жок! Мунун баары бүт эми республика жабылып угуп жатат. Айта турган катуу-катуу сөздөрүм бар. Жүрөктө турат. Аны дүйшөмбү күнү министриңиз менен мага келиңиз. Сүйлөшөбүз. Ушул кабарды уккан адам эмнени ойлойт? Баарын газсыз отургузуп, өзүңүз 50 миң сом айлык алып атасыз жыргап.

Өкмөт башчы энергия тарифтерин опсуз көтөрүүнүн зарылдыгын өкмөт алдында далилдеп берген тармак жетекчилери баалардын көтөрүлүш себебин эл алдында ачык айта албай отурушканын, көпчүлүктүн ачуу сөзүн өзү укканын жашырган жок.

Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдов Өзбекстандан келчү табигый газдын көлөмү баа кымбаттаганы азайып жатканын ырастады:

- Биз быйыл ашып барса 350 – 400 миллион кубометр газ алабыз. Өзбекстан менен 650 миллион кубометрге келишим түзгөнбүз. Кант цемент заводу иштебей турат, Токмоктогу айнек заводу турат. Газдын көбүн эми эл жагып калды. Көлөмү аз, жоготуулар көп болуп жатат. Белгилүү өлчөмдөгү жоготуулар, андан көп чыгымдоолор учуроодо.

Өкмөттүн алдында эмдиги жылга Өзбекстандан алчу газдын баасын макулдашуу милдети турат. Ташкен газ баасынын бир кыйласын алдын-ала төлөө шарттарын коюуда. Тармактагы уурдоолор 25 % жетип, айрым аймактарда, мисалы, Баткенде 50 % жакын көрсөткүчтү түзө баштаган.

Жыйын учурунда өкмөт башчы Баткен облустук газ башкармалыгынын жетекчисин кызматтан алууга буйрук берди. Өз ишин жөндөй албагандыгы үчүн биртоп жетекчилер ишинен бошотулуп, “Электр станциялары” менен жогорку чыңалуудагы электр линиялары акционердик коомунун жетекчилерине сөгүш берилди.

Эмдиги жылдан тарта электр, жылуулук баасы кескин көтөрүлөт. Бишкек жылуулук борборунда иштелип чыккан 1 гигакалория жылуулуктун өздүк наркы 2,5 миң сом турса, керектөөчүгө сатылганы 500 сомдон болуп келген.

Жаңы жылдан тарта ал 1050 сомго, жайдан кийин 2,5 миң сомго, электр энергиясынын бир киловаты 1 сом 50 тыйынга, жарым жылдан соң 1 сом 90 тыйынга, жылуу суунун баасы беш эсе көтөрүлгөнү турат. Жаңы баалардын чогултулушу кандай болорун, энергетикадагы уурдоолор тыйылар-тыйылбасын азырынча эч ким айта албайт.

XS
SM
MD
LG