Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Олимпиадалык даярдоо борбору жоюлду


Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чемпиондордун жоон тобу Олимпиадалык даярдоо борборунда тарбияланган.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чемпиондордун жоон тобу Олимпиадалык даярдоо борборунда тарбияланган.

Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келген спортчуларды даярдаган Олимпиадалык даярдоо борбору жоюлду. Кыргыз спорт адистери бул жагдай тууралуу кайчы пикирлерди айтышууда.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери спорттук жетишкендиктерге өлкөнүн Олимпиадалык даярдоо борборунун салымы зор. Мына ушул Олимпиадалык даярдоо борборун Дене тарбия, спорт агентигинин жетекчиси болуп турганда Александр Воинов жоюп, анын ордуна спорттун беш түрү боюнча өнүктүрүү борборун түзгөн. Алар: бокс, дзю-до, күрөш, жеңил атлетика, оор атлетика боюнча өз алдынча борборлор деп аталууда.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Кадырбек Эргешовдун пикиринде Олимпиадалык даярдоо борборун жоюп жиберүү өлкөдө спорттун башка түрлөрүнүн өнүгүшүнө терс таасирин гана тийгизет. Себеби көп мыкты машыктыруучулар жумушсуз калып, жетекчилердин гана иш орундары көбөйдү.

Ал эми жаңы түзүлгөн күрөш боюнча өнүктүрүү борборунун жетекчиси Жеңиш Дөңбаевдин пикиринде эми спорттун айрым түрлөрүн өнүктүрүүгө, каражатты туура пайдаланууга кеңири жол ачылат.

Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы адиси Канат Арпачиевдин пикиринде каражат маселелери чечилбей туруп, олимпиадалык даярдоо борбору жоюлуп, спорттун айрым түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучулар жумушсуз калышты.

Жоюлуп кеткен Олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбеков кыргыз спортчулары Азия, дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында жана Бээжин олимпиадасында балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин байгелүү орундарга жетишине бул борбордун салымын чоң болгонун айтуу менен 32 машыктыруучу ишсиз калгандыгын “Азаттыкка” билдирди.

Кеңеш доорунда мурда Кыргызстанда Жогорку спорттук чеберчилик мектеби деп аталган олимпиадалык даярдоо борбору 1961-жылы уюшулган. Ошондон бери жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдоо боюнча өлкөдө уюштуруу-усулдук жана окуу-машыгуу борбору катары жигердүү иш алып барды.

Кыргызстандагы тандалган спорттун түрү боюнча тандалма командалары, алардын резервин, илимий-усулдук, медицина-биологиялык жактан жогорку квалификациялуу устат-окутуучуларды, учур талабына ылайык спорттун жогорку жетишкендигин, материалдык-техникалык базасын даярдоо анын негизги максаты эле.

Өлкө эгемендүү болгондон кийин Кыргызстан олимпиадалык оюндарга өз алдынча команда болуп катыша баштагандан кийин бул мектеп Олимпиадалык даярдоо борбору деп аталган. Таланттуу спортчулар борбордо даярдалып, машыктыруучу-окутуучулардын деңгээлин стажировка аркылуу өркүндөтүп келген.

Бул борбордо эркин жана грек-рим күрөшү, бокс, велоспорт, дзю-до, сууда сүзүү, жеңил атлетика, ок атуу, фехтование жана башка спорт 13 түрүнөн өлкөнү дүйнөгө, Азияга тааныткан чеберлер таалим-тарбия алышкан. Кеңеш доорунда эле борбордо СССРдин эмгек сиңирген 15 спортчусу даярдалган.

Алар: жеңил атлетчилер Леонид Иванов, Татьяна Колпакова, Сатымкул Жуманазаров, Мария Кулчунова , баскетболдон Анна Антипина, Елена Баранова, кол тобунан Талант Дүйшөбаев, ок атуудан Владимир Андреев, Александр Мелентьев, Вячеслав Бочкарев, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, бокстан Андрей Курнявка, кайык спортунан Александр Водоватов, фехтование боюнча Юрий Лыков, Александр Абушахметов, эркин күрөштөн Кенжебек Омүралиев, дзю-додон Абдужалил Юнусов жана башкалар.

0шондой эле СССР спортунун эл аралык 120 чебери, СССР спортунун сегиз жүздөн ашуун чебери даярдалган. Учурунда СССР спортунун эмгек сиңирген 9 машыктыруучусу, өлкөнүн жүздөн ашуун эмгек сиңирген устаты эмгектенип, Кыргыз спортунун тандалма командаларын өстүрүүгө салым кошкон.

Кеңеш доорунда эле кыргызстандык 12 спортчу Олимпиадалык оюндарда катышып, 1980-жылкы Москва олимпиадасында Татьяна Колпакова, Александр Мелентьев, Александр Блинов, Каныбек Осмоналиев чемпион аталып, Сатымкул Жуманазаров коло байгелүү болгон.

Андан кийин Сеул олимпиадасында жөө күлүк Мария Кулчунова, футболчу Сергей Фокин олимпиада чемпиону аталган. 1992-жылы Барселона олимпиадасында дагы кыргызстандык Талант Дүйшөбаев менен Елена Баранова олимпиадалык бийиктикти багындырышкан. Аларды дагы учурунда олимпиадалык даярдоо борбору Москвага жөнөткөн. Бул борбордун ийгиликтерин санап олтурса узун сабак тизме болоор.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG