Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Экс-министр А.Жекшенкуловдун соту 3-декабрда болот


Бул тууралуу анын жактоочусу Нина Зотова “Азаттыкка” билдирди. Адвокат белгилегендей, бейшембидеги соттук териштирүүдө түрк ишкери Сервет Четиндин өлүмүнө байланыштуу шектелип айыпталып жаткан Ильяс Абдыкадыровго карата Таластык эки күбө суралып, алар милиция кызматкерлеринин кысымы астында көрсөтмө беришкенин сотто билдиришти. Буга чейин Ильяс Абыдкадыров Талас райондук жана облустук сотто акталып чыккан. Келерки сот жараянында Аликбек Жекшенкуловдун суралышы күтүлүүдө. Экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун 2006-жылы өкмөттөн белекке алган тапанчасынан Таласта түрк ишкери Сервет Четин атып өлтүрүлгөн делип шектелип айып тагылып, кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG