Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Өзбекстандын Борбор Азия энергия түйүнүнөн чыгуусунда саясий жүйөө бар


Мындай пикирин Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.Тажик тышкы саясий мекемесинин өкүлү Хусрав Гоибов “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде белгилегендей, Душанбе өзбек тараптын чечимине карата расмий реакция жасабайт жана кайсыл бир өлкө чечим кабыл алууда өзүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөөрү түшүнүктүү болсо да, ошол эле учурда эл аралык мыйзамдар башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын урматтоону да талап кылат.

Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шокосим Шоисломовдун ушул шейшембиде билдиргенине караганда, Өзбекстан Борбор Азиянын совет доорунан калган бирдиктүү энергосистемасынан 1-декабрдан тарта чыгат. Өзбек дипломаты мындай чечимдин жүйөөсүн Өзбекстан электр кубатын бөлүштүрүү боюнча жаңы системасы аркылуу электр кубаты менен өлкөнүн баардык аймактарын өзү камсыздай алгандыктан, эскилиги жеткен түйүнгө мындан ары муктаждык жоктугу менен негиздеди. Бирок тажикстандык айрым байкоочулар өзбек тараптын чечимин жаңы ГЭСтердин курулушунан улам эки ортодо тутанган чатак менен байланыштырышууда. Тажикстандын Суу сактагычтар боюнча улуттук комитетинин төрагасы Хамиджан Орифовдун пикиринде, Өзбекстан мындай кадамы аркылуу Рогун ГЭСинин курулушуна каршы экенин көргөзүүдө жана Түркмөнстандан Тажикстанга 1 миллиард киловатт саат электр энергиясынын өтүшүнө тоскоолдук кылууга аракеттенип жатат

XS
SM
MD
LG