Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Пазыл Саипжанов “Тулпарга” кантип минген?


Өзгөн райондук соту “Тулпар” акционердик коомунун директорунун чуулгандуу ишин карап жыйынтыктоонун алдында турат. Аталган ишкананын башчысы Саипжанов Пазыл акциялардын контролдук пакетин документтерди бурмалоо жолу менен өзүнө менчиктеп алган жана ишканага оор материалдык зыян келтирген деп айыпталууда.

“Тулпар” автоишканасы 1993-жылы акционердик коом формасында кайра түзүлүп, акциялардын 40 пайызы эмгек жамаатынын энчисине, 60 пайызы Мамлекеттик мүлк фондусунун колунда калган. 1995-жылы 30-июнда ишкананын акциялары бир даанасы 50 сомдон 5 сомго наркы түшүрүлүп, “Кызыл Аяк”, “Азиз” дыйкан чарбаларына карыздын ордуна өткөрүлүп берилген. Ошол эле жылы калган акцияларды аукциондо “Манас-Ата” дыйкан чарбасы утуп алган.

Бирок кийин жүргүзүлгөн иликтөө, тергөө иштери дыйкан чарбаларына “Тулпар” автоишканасынын эч кандай карызы болгон эместигин жана акциялар дыйкан чарбаларына мыйзамсыз берилгенин көрсөткөн. Кыскасы, тергөө материалдарына караганда, Саипжанов Пазыл алдоо-будамайлоо жолу менен аялы экөө акциялардын 59 пайызын колго алышкан.

Ишкананын эмгек жамаатынын атынан төрт жылдан бери бул иштин артынан түшүп, сотко даттанып келаткан өкүлү Тургунов Абдыманап ишкананын акцияларынын басымдуу бөлүгүнө Саипжанов мыйзамсыз, уурулук жол менен ээ болуп алган деп эсептейт:

-Бул будамайлап дыйкан чарбасына акцияларды мыйзамсыз өткөзүп, кайра өзү сатып алып атат. Экинчиси, калган 49 пайыз акцияны акча аукционун өткөзүп, номуру, каттоосу жок акцияларды сатып жиберип атпайбы. Кимге сатат? Бажасына сатат, жээнине, досуна сатат. Ошондой жол менен баарын терип алган.

Ошондой эле Пазыл Саипжановго көзү өткөн төрт акционердин акцияларын документтерди бурмалоо жолу менен менчиктеп алган деген күнөө дагы коюлуп жатат. Тергөө материалдарына караганда, аталган жетекчи “Тулпар” ишканасынын каза болгон акционерлери Исаков Закирдин 147 акциясын, Саимов Абдыкаримдин 200 акциясын Саймахунов Тургунбайдын 52 акциясын, Ашимов Абдисаматтын 137 акциясын документтерди оңдоо-бурмалоо жолу менен өзүнө чыгарып алган.

- Издеп жүрсөк, арасынан өлгөн кишилер чыгып калды,- дейт “Тулпар” ишканасынын акционери Абдыманап Тургунов. - Өлгөн акционерлердин үйүнө барып чын-бышыгын сурасак, жесирлери “мен билбейм” дешти:
- Күйөөң өлгөнбү?
- Өлгөн.
- Акциясы кимде?
- Билбейм
.
Реестерге барып акырын карасак, анда жүрөт. Саипжанов басып алыптыр. Экинчиси жүрөт, үчүнчүсү-төртүнчүсү жүрөт. Баарысы төртөө.

Тергөө материалдарына караганда, бул ишти П. Саипжанов жалгыз кыла алмак эмес, аны будамайлоого биржалык соода системасынын жана акционерлерди каттаган “РЕЕСТР ТТ” деп аталган уюмдун кызматкерлери кошо катышып көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Пазыл Саипжанов өз кезегинде өзүнө коюлган айыптоолорго караманча макул эмес. Анын өзүнүн айтымында коюлуп жаткан айыптоолор толугу менен жалган:

- Курулай жалаа жаап атышат. Аларга эң негизгиси менин кызматтагы ордум керек. Ошону талашып аткандагы аракеттери. Мен ойлойм, сот мени актаган чечим чыгарат деп.

“Тулпар” ишканасынын жетекчисинин иши боюнча сот соңку айда эле эки жолу болжогон күнү болбой калды. 20-ноябрда болбой калган сот жыйынынын себеби айтылган эмес, ал эми 25-ноябрда айыпкердин ооруп калганынан улам сот башка күнгө которулду. Арызданып жаткан тарап сот бул ишти будамайлап бүткөрүү үчүн атайын создуктуруп жатат деп тынчсызданууда.


XS
SM
MD
LG