Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Бишкекте рейд учурунда эреже бузган он бир автобус кармалды


26-ноябрда Бишкекте Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башка башкармалыктын кызматкерлери тарабынан «Автобус» деп аталган рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын техникалык сапатына, жол коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына орчундуу көңүл бурулду. Баардыгы 120 чакан автобус текшерилип, алардын ичинен он бири эрежелерди бузгандыгы үчүн токтотулуп, акчалай айып салынды. Үч автобустун айдоочуларынын тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Бирөөсү иш үстүндө уюлдук телефон менен сүйлөшүп келаткан. Жүргүнчүлөрдү туш келди жерден түшүргөн сегиз факт катталган. Эки автобус техникалык кароодон өткөн эмес экен. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. (КСh)

XS
SM
MD
LG