Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

К. Бакиев А. Лукашенко менен жолугушту


КР мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушуусу 26-ноябрда Минскиде болду. К. Бакиев Бишкектеги “Автомаш-радиатор” ишканасынын базасында Беларустун “МТЗ” тракторлорун чыгарууга адистешкен биргелешкен ишкана ийгиликтүү иштеп, өз кезегинде бул кыргызстандыктардын мындай тракторлорго болгон муктаждыгын канааттандырып, кийинчерээк Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге, Ооганстанга экспортто пландаштырылып жатканын айтып кетти. “Бул биздин келечеги кең кызматташтыгыбыздын айкын көрсөткүчү. Сөз болуп жаткан заводдун тажрыйбасын эске алуу менен Бишкекте беларус автобустарын чыгаруучу заводдун ишин уюштурсак болчудай”, - деп сунуш кылды К.Бакиев.

Ал эми Беларус президенти Александр Лукашенко бирдиктүү бажы мейкиндигине Кыргызстан мүчө болуп кирерине үмүт артаарын билдирди. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент К. Бакиев КМШ мамлекеттеринин саммитине жана ЕврАзЕстин жыйынына катышуу үчүн Минскиге барган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG