Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

А.Кадырова: Абак балдарды тарбиялабайт


Кыргызстандын балдар укуктары жаатында иш алып барган бей өкмөт уюмдар жана эксперттер кылмышка аралашкан өспүрүм балдарды дароо абакка жөнөтпөй, профилактикалык борборлорду ачуу зарылдыгын белгилеп келишет.

Он үч жаштагы Айзада мыйзам бузган балдарга жардам берчү “Таяныч” борборунда тарбияланат. Анын уурулук менен шугулданган эжеси да, байкеси да ушул борборго келген. Бул жерден алар экинчи жолу терс жолго барбай, жашоодо пайдалуу болгон нерселерди үйөнүп, сабак да окушат.

- Компьютер, үйрөндүм. Адептүүлүк-сылыктыкты, сүрөт тартканды үйрөндүм. Башка сабактарды да үйрөндүм.

Эксперттер Кыргызстанда балдардын укугун коргогон мыйзам жана балдар боюнча концепция болгон менен толук кандуу иштебей жатканына нааразы болушууда. Ошондой эле ювеналдык юстиция, башкача айтканда жашы жете элек өспүрүмдөрдү кылмыш жообуна тартууну жумшартуу зарыл дешет.

“Укук борбору” коомдук фондунун эксперти, адвокат Айжан Кадыровнын айтымында, Кыргызстанда ювеналдык юстиция жаатында атайын окуудан өткөн, балдар кылмыштуулугу боюнча тергөөчүлөр, атайын прокурор, адвокаттар жокко эсе. Эксперт өлкөдө өспүрүм балдарды соттоо системасын түп тамырынан бери өзгөртүү керек дейт.

- Өспүрүм балдар жабык абактарга барбастан, мамлекет кандайдыр бир стратегияны ойлоп чыгышы керек. Бизде бир эле сот, тергөөчү чоң кишилерди деле, өспүрүмдөрдү деле карай берет. Андай болгон туура эмес.

Айжан Кадырова сот учурунда балдар укугун коргогон мыйзам жана балдар жөнүндө концепцияны айтып, эскертүүлөр болгондо деле сот, тергөөчү тарабынан шектенген, тшүнбөгөндөй көз караштар пайда болорун айтат. Ал кылмышка аралашкан балдарга абакка кайрадан барбоо жолдорун үйрөтүү зарылдыгын белгиледи:

- Мисалы, бала абакка отуруп, ошол системага кирип калды. Мейли ал бир ай, мейли үч ай отуруп чыкты дейли. Коомчулуктун ага болгон мамилеси, ал балага болгон көз карашы өзгөрүп, бул “зек”, “отуруп чыккан” деп айтышат. Алар менен психологдор, мугалимдер, социалдык кызматкерлер иштеп, кийин мындай жолго барбаш керек экенин түшүндүрүш керек.

Кыргызстанда өспүрүмдөр жасаган кылмышына карап 14-16 жашынан абакка отурушат. Алардын көбү уурулук менен кармалышат. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, атайын өспүрүм балдардын тергөөчүсү деп бөлүнбөйт. Көп учурда абалга жараша болот.

- Атайын өспүрүмдөр менен иштеген инспекциялар, опер кызматкерлер бар. Тергөөчүлөрдү бул чоңдорду, бул балдарды тергесин деп бөлбөйт. Ачылган иш абалга карап кызматкерлерге бөлүнүп берилет, ошол аягына чейин чыгарып, сотко өткөрүп берет.

Жаш юрист Бексултан өлкөдө ювеналдык юстиция өнүгүшү керектигин ырастап, бирок оболу региондордо өспүрмүмдөргө укук жаатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондо гана балдар кылмыштуулугу азаят деген пикирди.

- Балдар өздөрүнүн укугун билбейт. Негизгиси алардын укугун түшүндурүп берген атайын адистер керек. Бул маселеде Бишкек жана Ош шаарына көбүрөөк көңүл буруп, региондор унутта калып жатат. Мисалы Баткенде балдар укугун билбегендиктен өздөрү уктарын бузушат. Оболу мына ушул маселени чечиш керек.

ЮНИСЕФ кыргыз өкмөтүнө ювеналдык юстиция боюнча мыйзам долбоорду иштеп чыгууга жардам берген. Мыйзам долбоору азыр президенттин институнун кароосуна жиберилген. Эксперттер өспүрүмдөр абакта эмес, атайын профилактикалык борборлордо тарбиялоо - мыйзам бузган балдардын санын азайтуунун натыйжалуу жолу экенин эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG