Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Окуу жайларда аскердик кафедралар кыскарат


Коргоо министрлиги демилге көтөргөн “Жарандык окуу жайлардын алдында ачылган аскердик факультеттер жана кафедраларды кыскартуу” жөнүндө токтом долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Токтом долбоорго ылайык жаңы жылдан тартып аскердик кафедралар акырындап кыскартылып, 2009-2010-окуу жылында аскердик факультеттерге студенттер кабыл алынбайт. Ошондой эле Коргоо жаена Билим, илим министрликтеринин ортосунда атайын комиссия түзүлүп, кыскарган факультеттердеги материалдык баалулуктар Коргоо министрлигине кайтарылып берилет.

Кыргызстандагы окуу жайларда үч аскерий факультет жана сегиз кафедра студенттерге согуш тактикалары боюнча билим берип, ар кыл адистикке окутуп келишкен.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG