Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

МАГАТЭ Иранды айыптаган резолюция кабыл алды


 МАГАТЭнин жетекчиси Мухаммад ЭлБарадеи
МАГАТЭнин жетекчиси Мухаммад ЭлБарадеи

Эл аралык Атомдук энергетика агенттиги болгон МАГАТЭ бүгүн Ирандын талаштуу ядролук программасын талкуулап баштады. Жыйында Иранды сындаган резолюция кабыл алынды.

Резолюцияда Иран жашыруун түрдө уран байыткан ишкана иштеткени айыпталып, бул долбоорду дароо токтотуу талап кылынат. Резолюциянын долбоорун алты ири мамлекет: АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия жана Германия биргелешип иштеп чыккан.

МАГАТЭнин 35 мүчөлүү башкаруучулар кеңешинин жыйынында Түндүк Корея, Сирия, жана Орусиянын ядролук отун сактоочу жай куруу сунушун талкуулап жатат. Бирок Иран Ком шаарына жакында жерде жашыруун уран байытуучу ишканасы бар экендиги ачыкка чыккандан улам, МАГАТЭнин жыйынында Иран күн тартибиндеги башкы темага айланды.

Жыйындын алгачкы сааттарынан эле Иран менен кайым айтышуу кайра жанданды. Иран бул агенттикти өзүн коркутпоону талап кылды. Ал эми МАГАТЭнин жетекчиси Мухаммад ЭлБарадеи Ирандын уранын сыртка алып кетип, башка жактан байытылмайынча, талаш-тартыш токтобой тургандыгын мындайча эскерткен:

– Иран тараптан мага бир нече жолу ооз эки айтышты. Алар ядролук отунду өздөрүнүн аз байытылган уранына бир мезгилде алмаштыралы деп жатышат. Алар бул затты МАГАТЭнин көзөмөлү астында Ирандын Перси булуңундагы Киш аралында сактоого макул. Бирок, анда уран Ирандын өзүндө кала берет. Мен аларга кризисти чечүү үчүн отунду Ирандан сырткары алып кетиш керек дедим.


Буга чейинки компромисттик планда Иранга аз байытылган уранын Орусияга андан ары байытууга жиберүү сунуш этилет. Кийин ал Францияда отун таякчаларына айландырылып, Тегерандын медициналык изилдөө институттарына жөнөтүлмөк. Бул сунуш менен Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук курал жасоодо колдонулуучу жогору байытылган уранга жетишүүсүн алдын алууну максат кылышууда.

Иран буга чейин Бириккен Улуттардын уран байытууну токтотуу талаптарын аткарган эмес. Ал эми азыркы сунуш боюнча ушул аптанын башында Ирандын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Рамин Мехманпараст аны өлкө четке какпаганын бышыктады:

– 3 жарым пайызга байытылган уранды чет өлкөгө жиберүүгө Иранда эч ким каршы болгон жок. Биз бул отунду кандайча ташуу керектигин сүйлөштүк. Бизге 100 пайыз кепилдик керек деп жатабыз. 3 жарым пайызга байытылган ураныбыздын ордуна 20 пайызга байытылган отун алышыбыз керек.

Иран бийликтери өз ураныбызды өзүбүз керектүү чекке чейин байытып алабыз деп эскерткен. Сунуштун шарттары өзгөрүүсүз калууга тийиш деп эсептеген Батыш өлкөлөрүн Ирандын мындай коркутуулары кыжаалат кылган..

XS
SM
MD
LG