Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Курманбек Бакиев Дмитрий Медведев менен жолугушту


Кечээ ЕврАзЭШтин мамлекеттер аралык кеңешинин саммитинин алкагында болгон жолугушууда Кыргызстандын президенти Курманбек бул жыйындын жыйынтыктарына токтолуп, жаңы түзүлгөн Бажы Союзунун курамына Коомдоштукка мүчө мамлекеттердин бардыгы кирсе, ЕврАзЭШ мамлекеттеринин бардыгынын экономикасын өнүктүрүүгө көмөкчү боло турган бирдиктүү, экономикалык жактан туруктуу рынок жарала тургандыгын белгиледи. Президент Дмитрий Медведев бул уюмга мүчө үч мамлекеттин Бажы Союзун түзүү туурасындагы документке кол коюшу чындыгында эле өтө маанилүү окуя экендигин белгиледи. «Биздин башка өнөктөштөрүбүз да анын ичинде Кыргызстан дагы Бажы Союзуна кирүү жолунда турат деп үмүттөнөм», - деди ал. Жолугушуу учурунда мамлекет башчылары дүйнөлүк жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери туурасында ой бөлүшүп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG