Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Коомдук парламент чакырылат


Бул туурасында “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, 15 декабрга чейин коомдук парламент мүчөлөрү өлкөдөгү энергетикалык тарифтердин кымбаттоосун талкуулоо максатында жыйынга чогулушу күтүлүүдө. Партия төрагасынын пикиринде, азыркы тарифтер боюнча бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты ага ийгилик алып келбейт. Анткени бул саясат элдин кызыкчылыгына каршы келет. “Биз элди өз укугун коргоого чакырабыз. Учурда айрым аймактарда элдердин өз алдынча нааразычылыктарын билдирип жатканы байкалууда. Эгер керек болсо биз аларга кеп-кеңешибизди айтып, жардам берүүгө даярбыз. Элдин нааразычылыгы бийликтин туура эмес саясатынан, кетирген кемчилигинен келип чыгат”, - деди Текебаев.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Ажыбай Калмаматовдун пикиринде, тарифтердин кымбаттоосун оппозиция өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кыларын, бирок кыргыз эли андай азгырыктарга жетеленбей тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, тарифтердин кымбаттоосу казино, чоң эс алуу жайлары бар 15 пайыз адамдарга гана катуу тийиши мүмкүн, ал эми калктын 80 пайызына анча деле зыян келтирбейт. (AzK)

XS
SM
MD
LG