Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Климат өзгөрүшүн талкуулоого 85 өлкө башчысы катышат


Бул тууралуу Копенгагенде БУУнун декабрдагы саммитин өткөрө турган Даниянын өкмөт башчысы билдирди. Ларс Локке Расмусседдин сөзү боюнча, 7-декабрдан 18ине чейин созулуучу саммит Жер абасынын ысышын токтотуудагы бурулуш көз ирмем болуп калышы мүмкүн. Жыйынга бараарын бышыктагандардын арасында АКШнын президенти Барак Обама, Британиянын, Германия, Франция, Бразилия, Жапониянын лидерлери бар. Копенгагенде абанын ысышы боюнча жаңы чектөөлөр боюнча келерки жылы түзүлө турган келишимдин шарттары такталышы керек.

XS
SM
MD
LG