Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Апта: Энергетика эсеби, Текебаевдин темингени...


Өкмөт кышка даярдыкты талкуулады. Россиядан Николай Патрушев келип кетти. Президенттик институттун кадрлары толукталды.

Энергетиканын эсеби

Курманбек Бакиевдин президенттиги учурунда өлкөнүн энергетика тармагы ого бетер эңшерилип, тармак түздөн-түз элди мүшкүлгө салууга өттү. Өткөн жылдары Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалсыз пайдалануудан электр энергиясы үстөккө-босток өчүрүлүп, карапайым-калк, ишкерлер абдан запкы чеккен. Өчүрүүлөр дагы эле кайталанууда. Өчүрүүлөргө кошумча иретинде быйыл
тарифтерди эки, беш эсе көтөрүү чечими кабыл алынды. Жаңы жылдан кийин жаңы "белек"- бул бөлүштүргүч компанияларды менчик колдорго берүү же бийликтегилердин энергокомпанияларды өз менчигине алуусу күтүлүп жатат.
Анткени бир килловатт саат электр энергиянын 1 сом 90 тыйын, бир гикакалорий жылуулуктун 2500 сом болушу менен электр энергетика эле эмес, Бишкек жылуулук борбору да кирешелүү болуп калат. Ошондуктан өтө кирешелүү тармакты "жат колго" берүүгө бийлик жол бербейт.

Белгилүү болгондой Кыргызстан ГЭСтери эң арзан электр энергиясын өндүрөт. Эксперттердин эсеби боюнча, ГЭСтер өндүргөн бир килловатт электр энергиясынын өздүк баасы 8 тыйын, жогорку чыңалуудагы электр линиялары бөлүштүргүч компанияларга жеткиргенге чейин анын баасы 20 тыйынга көтөрүлөт. Эгерде тармактагы 30-40% чейинки жоготуулар, тагыраак айтканда коррупциянын алкымы тыйылса эле ГЭСтердин жабдуулары, ондоо иштери үчүн каражат жетиштүү өлчөмдө табылмак. Бирок бийлик коррупцияны тыюу жолу менен эмес, элдин эсебинен өзгөчө пайда көрүү жагына бурулуп алды шекилди.

Энергетика тармагынын эң чыгашалуу деп эсептелген Бишкек жылуулук борборунун эсеп-кысабына келсек:

Бул ишканага жыл сайын 1,5-2 млрд сомдук жардам берилет. Ишкана башчысы Юрий Фрик 2008 жана 2009-жылдагы чыгашалары тууралуу мындай маалымат берди:

- 2008-жылы 140 млн. куб метр газ, 700 тонна кара май, 882 миң тонна көмүр жакканбыз. 2009-жылга 900 миң тонна көмүр, 100 миң тонна кара май жана 28 млн. куб метр газ алышыбыз керек.

Көмүрдүн тоннасын 25-43 долларга, кара майдын тоннасын 216-300 долларга, газдын бир миң куб метрин 285 доллардан алышат. Бул эсептер менен алганда Бишкек жылуулук борборунун жылдык чыгашасы 60-75 млн. доллар болот. Андан сырткары албетте бир миңден ашуун жумушчуга айлык акы берилет. Ал 120-150 млн. сомдун тегерегиндеги каражат болот.

Бишкек жылуулук борбору жыл сайын 1 млрд. килловатт саат электр энергиясы, ысык суу жана жылуулук өндүрөт. Эски тарифтер менен 1 млрд. килловатт саат электр энергиясы 1 млрд. сом, жаңы тарифтер менен 1 млрд. 900 млн. сом болот. Бишкектеги 100 миң абонентке берген ысык суу жана жылуулугу, ар бир абонент беш айда орто эсеп менен 15 миң сомдон төлөгөндө эле 15 млрд. сом болот. Демек, Бишкек жылуулук борборунун жаңы тарифтер менен орточо тапканы17 млрд. сом же 400 млн. доллардын тегерегиндеги каражат болот. Сарптоолору жогоруда белгиленгендей азыркы баалар менен 75-80 млн. доллар болууда. Натыйжада таза киреше 300 млн. долларга жакын сумманы түзөт.

Азыркы мезгилде Бишкек жылуулук борбору “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасына бир гикакалорий жылуулукту 156 сомдон, “Бишкекжылуулуктармактар” элге 500 сомдон сатып келатат. 1-январдан тарта Бишкек жылуулук борбору “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасына бир гикалорий жылуулукту 312 сомдон сата баштайт. Бирок ал актабайт дейт Фрик:

- Тарифтерди көтөрүүнүн биринчи этабы боюнча киреше болбойт. Өзүн-өзү да актабайт. Болгону 2 млрд. сом чыгашанын жарымы кыскарат. Бирок 1 млрд. сомдон ашуун чыгаша кала берет.

Демек Бишкек жылуулук борбору бир гикакалорий жылуулукту 468 сомдон сата баштаганда ал өзүн актоого өтөт. Ал эми бийлик бир гикакалорий жылуулукту 1-январдан тарта элге 1050 сомдон, 1-июлдан тарта 2500 миң сомдон сата турган болууда. Албетте, бийлик жабдуулар эскиргенин, жаңылоолор керектигин айтууда. Бирок ал коррупция, уурдоолорду кыскартуу эмес, элдин эсебинен болоору өкүнүчтүү.

Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейтказиев тарифтердин көтөрүлүшүн энергетикалык ишканаларды сатуу максаты менен байланыштырат:

- 29-декабрда “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро”, “Чыгышэлектрону” сатууну тендердик комиссия карайт. Аларды сатуу боюнча биринчи туру болот. Ал эми ”Түндүкэлектро” болсо сатылат, деген Сейтказиев сатыла турган ишканалардын жаңы кожоюндары азыркы бийликтин төбөлдөрү болуп каларын четке каккан жок.

Эл болсо жаңы тарифтер менен канчадан төлөп калаарын эсептеп жатат. Маселен, Бишкекте үч бөлмөлүү квартирасы бар Жаркын Асанова жаңы жылдан кийин канчадан төлөп калаары тууралуу буларды билдирди:

- Ошондо ай сайын бөлгөндө 3750 сом болот экен. Бул жылуулукка гана төлөнө турган сумма. Буерге электр жарыгы, муздак суу, газ жана башкалар үчүн төлөнө тургандарды кошподум. Бул эмне деген акча! Пенсия албасак. Пенсия алган кишиге деле кыйын. Тамакка кайдан акча табат? Бакиев 200 сом кошуп жатат. Ал 200 сомдун үстүнө 2 миң сомго кымбаттатып жатат.

26-ноябрда Данияр Үсөнов өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анда элдин 93% кышка даярдыгын билдирди. Ошондой эле тариф саясатын элге түшүндүрбөгөн үчүн Энергетика миинстрлигинин тариф боюнча бөлүм башчысын кызматтан алды.


Патрушевдин сапары

Кыргызстан ошентип тариф саясатын талкуулап жаткан учурда Бишкекке Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев келип кетти. Ал 25-ноябрда Бишкекке келип, ошол эле күнү президент Курманбек Бакиев менен жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрүп кетти. Патрушевдин сапары боюнча эч кандай маалымат таратылган жок. Бирок Россиядан конок келгендин эртеси күнү 26-ноябрда президент Курманбек Бакиев башында турган кыргыз делегациясы Минск шаарында боло турган Евразия экономикалык шериктештигинин саммитине жөнөп кетти. Ал саммитте кабыл алынган келишимге ылайык Беларус, Россия жана Казакстан келерки жылдан баштап бирдиктүү бажы алкагында болот. Кыргызстан да ал биримдикке кошулуу ниетин билдирди.

Ошентип Патрушевдин Кыргызстанга сапарынын максаты бир жагынан Минск саммитине жана анда Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин көзмө-көз жолугушуусуна даярдык болсо, экинчиден кыргыз-орус мамилесине байланыштуу маселелер болушу ыктымал.

Минск саммити жана анда кабыл алынган документтерди Кыргызстан колдоп, бажы биримдигине кошулууга даярдыгын ачыктады. Ал эми Кыргызстан менен Россия турмушка ашырууну көздөгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана түштүк региондо аскер жайгаштыруу боюнча ачыктык боло элек. Анын үстүнө бул долбоорлорго Өзбекстан каршы чыккан.

Оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун пикиринде, Патрушевдин сапары учурунда ушул маселелер талкууланышы ыктымал:



- Патрушев келгенинин максаты түштүк жактагы база болсо керек. Эң башкы маселе ошол болсо керек. Өзбекстан да ага байланыштуу өзүнүн саясатын жүргүзүп жатканда ошого байланыштуу сөз болот. Жалпысынан коопсуздукка байланыштуу маселе көтөрүлөт. Экинчиден, азыркы саясатка байланыштуу атайын тапшырмалар менен келиши мүмкүн.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Патрушевдин сапары тууралуу мындай пикирин ортого салды:


- Бул Минск саммитинин алдында жалпы Россиянын позициясын макулдатканга болгон аракет деп түшүнсөк болот. Анткени белгилүү болгондой кийинки убактарда КМШ саммиттерине биздин Кыргызстан гана барып, калгандары барбай калып жатпайбы. Экинчиден, түштүктөгү аскердик базанын ачылышы боюнча эки ача пикирлер болуп жатат. Ноябрда кол коюлуш керек эле. Ал созулуп калды. Себеби дегенде Ошто болот, Баткенде болот... Баткенде болсо статусу кандай болот? Кайсы жерге курулат деген бир топ маселелер талкууланыш керек болуп жатат.

Белгилей кете турган нерсе, акыркы мезгилде Россиянын жогорку даражалуу атка минерлери Кыргызстанга жарым-жашыруун келип кетүүдө. Маселен, июлда Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин, октябрда президенттик администрациясынын башчысы Сергей Нарышкин, эми ноябрда коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жарыя кылынбаган сапар менен келип кетти.

Текебаевдин текиреңи...

Кыргызстандын саясий майданында узап бараткан жумада олуттуу кыймыл-аракеттер байкалган жок. Бирок президент Курманбек Бакиев бир айдан ашуун убактан бери бош келаткан Мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешчисин дайындады. Бул орунга башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келди. Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп юстиция министри Нурлан Турсункулов дайындалды. Бул акыркы кадрдык дайындоолор Курманбек Бакиев ыңкылапчыл пикирлештерин Акүйдөн толук алыстатканын көрсөттү. Ошону менен президенттин акыркы чечимдерин сындаган, бирок ага чейин ысыгына күйүп, суугуна чыдап келген Адахан Мадумаров Акүйдөн четтетилди. ..

Кыргыз оппозициясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев болсо узап бараткан жумада түштүк регионду кыдырып, партиясынын активисттери менен жолугушуулар өткөрдү.Текебаев ошондой эле Кыргызстанда солчул күчтөрдү бириктирүү аракети уланып жатканын ачыктады:

- Бул багытта иштер жүрүп жатат. Социал-демократиялык партия жана башка солчул багыттагы коомдук уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Менин оюмча, өкмөттүн тариф саясатына каршылык акцияларын жүргүзүүдө келечектеги конфедерациянын формасы жана анын катышуучулары аныкталып калышы мүмкүн.


Ал ошондой эле оппозициялык Коомдук палатанын жыйыны 15-декабрга чейин чакырылып, анда тариф саясаты караларын кошумчалады.”Ата Мекен” партиясынын лидеринин айтымында, өкмөттүн тариф саясатына эл каршы чыкса, аны оппозициячыл күчтөр колдоого, уюштуруу жагынан жардам берүүгө даяр.

Ал эми бийликтеги “Ак жол” фракциянын мүчөсү Ажибай Калмаматов оппозиция элдин колдоосун алалбайт деген пикирде:

- Эми беш жылдан бери оппозиция кичинекей чамынды болсо да ошого жабышып, шылтоо таап көрүп жатышат. Оппозициянын ал-абалын кечээки шайлоодо көрдүк. 2005-жылдан бери, 2007-жылда көрдүк. 2009-жылдагы шайлоодо көрдүк. Башка аракеттерин көрдүк. 2005-жылдан 2007-жылга чейин кетсин дегенден башканы айткан жок. Ал аркада калды. Эми башка нерсени ойлоп чыгышар.

Ошентип, оппозициянын туусун көтөрүүгө аракет жасаган Өмүрбек Текебаев түштүктү кыдырып келди.Ал жана анын пикирлештери элдин толкуну менен гана бийликтин саясатына таасир эте алаарын жазбай баамдап турат. Эл болсо тарифтер көтөрүлүшүн айыптап, бирок январдан кийин үйлөрүнө келе турган жаңы төлөмдөрдү күтүп жаткандай...

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG