Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Киночулар Айтматовду эскеришет


Кыргызстандын Кинематография боюнча департаменти 11-декабрда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүн өткөрөт. Эскерүү күнү “Кыргыз киносу Чыңгыз Айтматов менен” деген аталышта өтмөкчү. Бул тууралуу аталган департаменттин маалымат кызматы билдирет.

Аталган эскерүү күнүндө Бишкектеги Тасма үйүндө чыгаан жазуучунун элесине арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлмөкчү. Андан тышкары киночулар Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын, анын кыргыз кинематографиясынын калыптанышына кошкон салымын талкуулашат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG