Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:42

Швейцария: Мечит референдуму


Бүгүн (29-ноябрда) Швейцарияда мусулмандарды намазга чакырууда колдонулган мунараларды мечиттерге орнотууга тыйуу салуу маселеси боюнча референдум өтүүдө. Калк пикирин тактоону сунуштаган оңчул партиянын пикиринде, мечит мунарасы бийлик үчүн күрөштү туюнтат жана анын түпкү мүдөөсү – Швейцарияны исламдык өлкөгө айландыруу болуп саналат. Мечит мунарасына тыйуу салуу боюнча референдум чакырууну жактагандар 100 миңден ашуун кол топтошуп, мыйзамга ылайык жекшембиде добуш берилүүдө. Швейцариялык өкмөт болсо мындай тыйуу салуу аракетине каршы чыгып, өлкө атуулдарын референдумда мечит мунарасына уруксат кылуу үчүн добуш берүүгө чакырды. Өкмөттүн оюнча, мунарага тыйуу салуу өлкөнүн бейнесине чоң залакасын тийгизет жана диний ишеним эркиндигине доо кетирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG