Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Орусия поездеги бомба жардыруунун учугун издөөдө


Москва – Санкть -Петербург каттамындагы тез жүрүүчү поездде жума күнү кечинде Тверь шаарынын жанынан орун алган жарылуудан бери дегенде 26 киши каза тапты, 90дон ашууну жаракат алды,6 адам дайынсыз деп эсептелинүүдө. Өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын башчысы Александр Бортниковдун билдиргенине караганда, поезд кыйраган жерден жардыруучу заттын калдыктары табылганына байланыштуу терроризм беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Москва – Санкть –Петербург темир жолунда 2007-жылы болгон жарылуудан 30тай киши жаракат алган болчу. Ал үчүн чечен согушкерлерине байланышы бардыгы үчүн шектелген эки адам айыпталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG