Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

АКШ Ирандын убактысы аяктап бара жатат деп эсептейт


АКШ Иранда өзөктүк программасы боюнча эл аралык коомчулуктун тынчыздануусуна жооп берүүсү үчүн убакыт аяктап бара жатат деп эсептейт.

Ак үй мындай билдирүүнү Ирандын ал уран байытуу үчүн жаңы он завод курары жөнүндөгү жарыясынан соң жасады. Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс белгилегендей, бул иран тараптан БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын дагы бир жолу олуттуу түрдө бузгандык болуп саналат. Ирандын соңку жарыясынын алдында, өткөн аптадагы жыйынында Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Тегеранды уран байытуу ишин жашыруун жүргүзүп келгени үчүн жемелеген болчу.

Тегерандан түшкөн соңку кабарга Германия терең тынчыздануусун билдирди. Британ тышкы иштер министри Дэвид Миллибэнд Иранды эл аралык коомчулукка чагым салууга аракеттенип жатканы үчүн айыптады.

Президент Махмуд Ахмадинежаддын сөздөрүнө караганда, Иран жылына 250-300 тонна өзөктүк отун өндүрүшү керек жана бул максатка жетүү үчүн тез иштөөчү центрифугалар колдонулуусу абзел.

Ал эми өлкөнүн атом энергиясы боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехинин айтымында, уран байытуу боюнча жаңы заводдор аскерий соккунун баардык түрүнөн корголгудай болуп курулат.

Ирандын маммлекеттик телесинин кабарына караганда, жаңы курулуучу он заводдун бешөөсүнүн жери аныкталган. Курулуш иштери эки айдын ичинде башталат.

XS
SM
MD
LG