Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Газдын жоготууга учурап жаткан себеби иликтенет


Бүгүн өкмөт башчы Данияр Үсөнов “Кыргызгаз” ишканасынын жана Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, газды көп жоготууга алып келип жаткан жагдайларды талкуулайт. Бул тууралуу премьер-министр 26-ноябрда өкмөт үйүндө жылуулук сезонуна даярдык маселелерин талкуулап жатып билдирген. Көгүлтүр отундун 25 пайызы жоготууга учурап жатканын, бул өтө эле көп экенин айтып “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеевди жемелеген. Энергетика министри Ильяс Давыдовдун билдиришинче, уурдап алуулардын, көзөмөлдөөчү кызматкерлер менен элдердин жең ичинен сүйлөшүп алышынын айынан жана техникалык себептерден улам газ жоготууга көп учурайт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG