Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Г.Скрипкина Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда Жогорку Кеңештин СДП фракциясына депутаттыкка Галина Скрипкинаны каттоодон өткөрдү. Ага депутаттын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды. БШК СДПнын депутаты Руслан Шаботоевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, парламенттин СДП фракциясынан депутат Бакыт Бешимовду мандатынан ажыратуу маселеси БШКда кийинчерек каралышы күтүлүүдө.

Аталган фракциянын мурдагы башчысы Бакыт Бешимов учурда АКШда жүрөт. Ал президенттик шайлоодон кийин, август айында өмүрүнө коркунуч туулгандыктан өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Ал эми депутат Руслан Шаботоев 2008-жылдын 30-сентябрында дайынсыз жоголуп кетип, туура бир жылдан кийин сөөгү табылган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG