Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Кыргыз авиакомпаниялары кайрадан “кара тизмеде”


Кыргызстандын бир катар авиакомпаниялары Европа Биримдигинин кара тизмесине кайрадан түшкөнүн РИА Новости агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, Европа Биримдигинин 2006-жылы март айында түзгөн алгачкы “кара тизмесине” Африка жана Азия өлкөлөрүнүн жүздөн ашуун авиакомпаниялары киргизилип, алардын учактары коопсуздук боюнча европалык нормаларга жооп бербегени белгиленген. Тизмеге Кыргызстан менен Казакстандын дагы авиакомпаниялары дагы киргизилген. 2009-жылдын июль айында Кыргызстандын Air Manas, Fvif Traffic, Aerostan (мурдагы BISTAIR –ЭЭА Бишкек), Click Airfways, Itek Air, Kyrgyzsta, Max Avia жана башка жалпысы 17 авиакомпаниянын учактарын Европанын аба майданына киргизүүгө тыйуу салынганы кабарланган. Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин өкүлү бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоодон баш тартып, бул маселе боюнча департаменттин директору гана жооп берерин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG