Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Германияда фашисттик доордун акыркы соту өтүүдө


89-жаштагы Жон Деменюкту Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 27 миң 900 жөөттү кырууга катышкан деп айыптап жатышат. Деменюк өзү украиналык. Алгач Кызыл Армиянын катарында кызмат кылып, кийин немистерге колго түшүп калат. Анан Польшадагы Собибор лагерин жетектеген.

Холокост окуяларынын курмандыктарынын туугандары бүгүн сот залына кирүүгө аракет кылышкандыктан, анын ачылышы бир саатка артка жылдырылды. Мамлекеттик айыптоочу Барбара Стокингер айыпталуучунун күч-кубаттан тайганын эске алып, отурум чектелүү убакыт гана болоорун айтты. "Бул сотко 35 күн бөлүнгөн эле. Бирок маселенин баары биз күнүнө эки ирет 90 мүнөттөн гана чогула ала тургандыгыбызда, - деди ал. - Күбөлөр да, далилдер да көп. Андыктан сот, жок эле дегенде, келерки жылдын май айына чейин созулушу мүмкүн деп турабыз. Бул жетиштүүбү-жокпу – азырынча айта албайбыз".

Жон Деменюк болсо өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG