Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Лионель Месси Европанын эң мыкты футболчусу деп табылды


Теги боюнча аргентиналык футболчуга Европанын быйылкы жылдагы эң мыкты футболчусу деген наам менен катар “Алтын топ” да ыйгарылды. Учурда Испаниянын “Барселона” командасы үчүн ойногон Месси Европа футболчуларынын эң кадыр - барктуу сыйлыгын жеңип алган алгачкы аргентиналык болду. 22 жаштагы Месси “France Football” журналы журналисттер арасында дүйнө боюнча өткөргөн сурамжылоодо “Алтын топтун” былтыркы жеңүүчүсү Криштиан Рональдону жана башка таанымал оюнчуларды артка калтырган. Ал аяктаган сезондо Чемпиондор лигасынын алкагындагы мелдештерде 9 топ киргизип, “Барселона” Чемпиондор лигасынын кубогун жеңип алуусуна чоң салым кошкон.

XS
SM
MD
LG