Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Бүгүн СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү


Улуттар уюмунун СПИД боюнча программасы бул күндү утурлай жарыялаган баяндамага караганда, 2008-жылы Чыгыш Европа менен Борбор Азияда илдетти жаңыдан 110 миң адам жуктурган. Муну менен ВИЧ инфекциясы бар адамдар саны аталган эки аймакта 1,5 миллионго жетти. 2001-жылы алардын саны 900 миң экенин эске алганда, өсүш 66%ды түзгөн. БУУнун программасы белгилегендей, муну менен Чыгыш Европа жана Борбор Азия дүйнөнүн ВИЧ инфекциясынын жайылуусу өсүп жаткан аймагы болуп калууда. Кырдаал өзгөчө Орусия менен Украинада кооптуу. Маселен, чоңдордун кеминде 1,6%ында ВИЧ инфекциясы бар деп эсептелген Украинанын көрсөткүчү Европада эң жогору. Ал эми дүйнө боюнча ВИЧке чалдыккандар саны азыр 33,4 миллион адамдын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG