Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Евробиримдикте бүгүн Лиссабон келишими күчүнө кирүүдө


Уюмдун башкаруу структураларын реформалоону караган келишимге ылайык, биримдикте президенттин кызматы киргизилди. Бельгиянын бул орунга шайланган премьер-министри Херман Ван Ромпей ишине Жаңы жылдан тарта киришет. Келишимге ылайык биримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлүнүн ыйгарым укугу кеңейтилди. Бул милдетти Жаңы жылдан тарта Британиянын өкүлү Кэтрин Эштон аркалайт. Биримдикке мүчө 27 өлкөнүн ичинен Лиссабон келишимин эң акыркы болуп, өткөн айда Чехия ратификациялады.

XS
SM
MD
LG