Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн жыйыны өттү


Бүгүн Астанада кыргыз-казак өкмөттөрүнүн кеңейтилген жыйыны өттү. Казак маалымат агенттиктерине ылайык, Д. Үсөнов анда аталган эки өлкө көп маселелер боюнча турумун аныктап, бир чечимге келип чекит коюуга мезгил жетти, деп билдирди. Алака-катыштагы техникалык мүнөздөгү айрым мүчүлүштүктөр чечим кабыл алууга таасир эте албасын айтты. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов өз кезегинде энергетика, соода тармагындагы маселелер боюнча бир чечим кабыл алынарына үмүт артты. Д. Үсөнов бул иш сапарынын жүрүшүндө казак президенти Нурсултан Назарбаев менен да жолугушаары кабарланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG