Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Улуттар Уюму УТРК менен СПИДге каршы кызматташат


Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) бүгүн Улуттук телерадио корпорациясы менен ВИЧ/СПИД илдетине каршы биргелешип кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Аталган программанын колдоосу менен УТРКнын алдында СПИД маселесин чагылдырган журналисттер үчүн ресурсттук борбор ачылды. Корпорациянын жетекчиси Кайыргүл Орозбай кызы борбор баардык журналисттер үчүн ачык экенин айтты. ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султан Гажиев борбор ачуу үчүн УТРК сынактын жана салыштырып талдоолордун негизинде тандалып алынганын белгилеп өттү. Бүгүн дүйнөдө СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG