Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Обама Ооганстан стратегиясын Карзай менен талкуулады


Ооган президенти Хамид Карзай жана АКШ мамлекет башчысы Барак Обама Вашингтондун Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын телефондон талкуулашты. Карзайдын маалымат катчысы видеобайланыш бир саатка созулганын кабарлады. Обама бүгүн кечинде Нью-Йорк штатындагы аскерий Академияда сөз сүйлөмөкчү. Айрым маалыматтарга караганда, президент Ооганстанга кошумча 30 миңдей аскер жиберүү чечимин жарыялашы мүмкүн. Андай болсо, америкалык контингенттин саны ал жерде 100 миң кишиге жетмекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG