Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Электр кубатына, отун-сууга тарифтерди кескин жогорулатууга жүйөөлүү негиздер барбы? Энергетикадагы кейиштүү кырдаалга ким алып келди? «Азаттык» үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө мына ушул суроолор кырынан коюлду.

Талкууга катышкандар:


Орозбек Дүйшеев,

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты,
Коомдук Палатанын мүчөсү,
энергетика маселеси боюнча эксперт





Акылбек Түмөнбаев
,

Кыргыз Республикасынын
энергетика министринин орунбасары





“Азаттык”:
- Алгачкы суроо Акылбек мырза сизге. Мына өкмөт кабыл алган чечим боюнча жаңы жалдан тарта энергетика тарифтери 5-10 эсеге көтөрүлмөк болду. Б\ул азыр жалпы коомчулуктун башын оорутуп турган маселе болуп жатат. Өкмөттүн тариф саясатын мындай жүргүзүүсүнө эмне себептер болду?

А. Түмөнбаев: - Мен бир нерсени айтып коюшум керек, былтыркы жылкы болгон электр энергиянын жетишсиздиги, ошол эле убактагы авариялардын баары акча каражатына байланыштуу. 2002-жылдын 15-мартынан берки тарифтер электр энергияга дагы, жылуулук энергиясына дагы чоң өзгөрүү алып келген жок. Анткени 2002-жылы мен регулятор болуп иштечү элем. 15-мартта киргизгенбиз 62 тыйын болчу, 43 тыйын, анан 150 киловатт сааттан башка дагы жылуулукка деп баары 62 тыйын болгон. Ошол 2006-жылы 62 тыйын болду. 2008-жылы болгону 70 тыйын болду.

Ошол эле убакта эгер карап көрсөк, 2002-жылдан бери көмүрдүн баасы өстү, анын 90 пайызын биз башка жактан алып келебиз, жаратылыш газынын баасы 40 доллардан 240 долларга чейин өстү. Энергетиктердин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө бул тариф жооп берген жок. Ал эми биз 2009-жылды энергосистема боюнча 1 млрд. 482 сом акча каражаты жок дефицит мене чыгып атабыз. Кыш мына кирип келди. Жабдууларды жаңылоого запас трансформаторлор, кабелдер, ошол эле майлар керек элдин баарын камсыз кылып турганга. Биринчи себеп - мындан ары энергосистеманы жакшыртуу, элге өчүрбөй электр энергиясын берип туруу үчүн гана ушул тарифтик саясат кабыл алынды.

“Азаттык”: - Бирок айрым саясат талдоочулар мунун негизги максаты башка деген ойлорду айтып жатат. Ушул суроону эксперт катары Орозбек мырза сизге берсем. Мына энергетика тармагын менчик колго берүү, башкасча айтканда бийликте тургандардын, же бийликке жакын адамдардын менчигине өткөрүп берүү үчүн ушул тариф маселеси көтөрүлүп жатат, ошон үчүн 29-декабрда “Ошэлектро”, “Жалал-Абатэлектро”, “Чыгышэлектро” сатуу маселесин тендердик комиссия караганы жатат, “Түндүкэлектро” баасы бычылбай туруп сатылганы жатат деп саясат талдоочулар айтып жатат. Эмне үчүн аныктабай туруп сатылганы жатат деген ойдосуз?

О.Дүйшеев: - Чынында энергетика эң терең кризисте туруп атат. Туура жолго салыш үчүн мунун баарын изилдеш керек. Биз изилдеген жокпуз. Айтып коелу, реформа деген нерсе - бул кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы болгон нерсе болуп атат. Бүтүн дүйнөдө өндүрүш улам ириленип, алар биригип туруш керек, бири-бири менен байланышта болуш керек. Ал эми бизде болсо зордуктап, кыйнап отуруп туруп баардыгын бөлүштүргөн. Ошонун негизинде акчалардын кайда кеткенин таппай калдык.

Мен 1-2 эле маселени айтып коеюн. 2000-жылдарда электр энергиянын баасы 17 эле тыйын болчу айылдагыларга, жалпысынан алганда. Ал эми калкыбызга 11 тыйындан эле болгон. Ага карабастан 2000-жылы 1 млрд. 500 млн. киреше алганбыз. Анан кийин 43 тыйынга, анан 60 тыйынга, анан 70 тыйынга өттүк, акчалар кайда? Мен жөнөкөй сөз менен эмес, цифралар менен айтып коеюн. Мына бул өндүрүш пайдалуубу, пайдалуу эместиги жөнүндө. Өздүк наркы деген болот, ошол өздүк наркынын негизинде чыгат.

Мына айтып коелу, 96-жылы биздин электр энергиянын баасы 8,81 тыйын болгон бир киловатт сааты. 97-жылы 16 тыйын гана ашкан. Анан 99-жылы 20,5 тыйын болгон. Мен кечээ кокусунан алып калдым 2007-жылкы отчетторун, карап чыктым, ал деле ошондой эле. Айтып коелу, ТЭЦ, гидроэлектростанциялардын кызматы эмне үчүн кымбатташ керек. Сууну сатып алган жокпуз, суу баягыдай эле келип атат, жабдуулар да мурункулар эле. Жабдууларды оңдогонго акча жок деп атат. Бул дагы туура эмес. Анткени мен силерге дагы бир цифраны айтып коеюн, ошол шаймандарды жакшылап кармап туруш үчүн атайын 96-жылы, Акылбек өзү жакшы билет, 92-жылы ушул акыбалды көрүп туруп, мына ушул адистер өздөрү иштеп чыгып, амортизация деген болот деп ушул шаймандарды кармап туруш үчүн, ошону көбөйтүшкөн.

Мына электр энергиянын былтыркы орточо баасы өзүлөрүнүн отчету боюнча 20 тыйын. 60 тыйындан сатса чыгаша болот экен, бул кандай өзү? Бул Кудайдын кыргыз элине берген байлыгы, бул элдин байлыгы. Демек биз ошону арзандатып турсак, элге жакышылык кылган болуп эсептелебиз. Ошого жараша өзүнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ошого байланыштуу эсептеп чыгыш керек.

Бүгүн баанын көтөрүлүшүнө биз адистер каршыбыз. Бул жөнүндө канча жолу айтып келатабыз. Депутат убагында айтканбыз, жакшы комиссия түзөлү, далилдейличи, эмне үчүн мындай болуп атат деп. Дагы бир цифраны айтып коеюн. Маселен мен, мына булар өздөрүн өздөрү каршы көрсөтүп атат. Ар бир болүштүрүүчү пункттарга баасын 17, 19 тыйындан кылышкан. Ал жакка ошончодон сатат дагы, акчаны элден 60 тыйындан алып атат, ал кайда кетип атат.

“Азаттык”:
- Ошол суроону Акылбек мырзага берип жооп алсак, чынында ортодогу акчалар кайда кетип атат дагы, эмне үчүн жабдууларга жумшалбай жатат?

А. Түмөнбаев: - Мен Орозбек Дүйшеевичтин бир маселеси менен макулмун, диагноз коюш керек деп атпайсызбы. Энергетиктерге диагноз 2007-08-жылдарда коюлган. Эй, биз энерго система мындай акыбалга келатабыз, баарыңар карагыла, ошол эле орто, кичи, чоң бизнестердин баары электр энергиянын баасынын өздүк наркынан арзан болуп турган.

Жана сиз айткан туура, 96-жылы биз аз бергенбиз. Эмне үчүн аз бергенбиз? Бизнес бутуна турсун дегенбиз, бүт энергетиктерге ыргытып койгон. Анткени мисалы, телефондун, нандын, продуктылардын, товарлардын тарифин көтөрсө эч ким унчукпайт. Анткени алар бирөөгө керек, бирөөгө кереги жок. Жанагы сиз айтып аткан тариф, мына 23 деп атасыз. Азыр станциянын тарифи 43 жарым тыйын, ТЭЦ Бишкектин тарифи нарк баасы 3 сом 36 тыйын.

Анткени көмүрдүн баасы 43 менен келип, газдын баасы 240 менен келип атат. Темир жолдон ташып келген үчүн кымбаттап атат. Ошол эле биздин Кара-Кеченин көмүрү деле кымбаттап кетпедиби, Орозбек Дүйшеевич, аны сиз советтин төрагасы болуп туруп жакшы билесиз да, туурабы, 3 миң - 4 миңге чыгып кетпедиби бир тоннасы. Оштун ТЭЦинин баасы электр энергияга 3 миң 743 сом 74 тыйын болду. Бул өзү ошол баага алып келип атпайбы.

Азыр деле биз 1 сом 50 тыйын менен чоң реконструкция, модернизация кылалбайбыз энергетиканы. Азыркы биздин негизги фонддор энергосистемада болгону 385 млн. доллар, бүт станцияларды, бөлүштүрүүчү компаниялардын баарын кошкондо. Азыркы бир эле курулуп аткан Камбар-Ата ГЭСинин баасы 300 млн. долларга чейин жетет. Карабайсызбы, анан кайдагы амортизациянын эсебинен биз жакшыртабыз. Эч убакта жакшырта албайбыз.



«Азаттык»: - Акылбек мырза, сиз так маалымат берсеңиз, азыр жылуулук энергия баасы кымбаттагандан кийин элдердин арасында чуруу-чуу түшүп жатышат. Жаны жылдан баштап кандай баада төлөйбүз деп. Мисал үчүн Бишкектеги 105-сериядагы 3-бөлмөлүү үйгө бир айда канча акча төлөйт?

А. Түмөнбаев: - Мисалы бизде эсептөөлөр бар, ошонун негизинде социалдык коргоону жасап атышат. Бир 3 бөлмөлүү үй 61 кв.метр аянттагы, бир киши катталган, ысык сууга азырынча бизде эсептегичтер жок, ошон үчүн киши башына эсептелет. Ошондо баары биригип, мурун эгер 745 сом төлөсө, азыр 1650 сом төлөйт. Бул үч бөлмөлүү үй, 61 кв.метр, бир киши катталган. Эгерде бир бөлмөлүү үй болсо, мурун 474 сом төлөсө, азыр 1082 сом төлөйт. Ал 35,1 кв.метр, бир киши катталган.

«Азаттык»: - Ушул энерго тарифтерин кымабаттатуу Дүйнөлүк Банк баштаган сырткы күчтөрдүн талабы менен болду деген пикирлер арбын айтылып жатпайбы. Буга, албетте, кыргыз өкмөтү менен эл аралык финансы институттарынын ортосунда 2002-жылы өз ара кызматташуу жөнүндөгү меморандум түрткү берип жатса керек. Бирок Дүйнөлүк Банктын Кырнгызстандагы өкүлү Роджер Робинсон «Азаттыкка» берген маегинде бааны көтөрү керектигин айтканбыз, бирок мынчалык деңгээлде көтөрүүнү айткан эмеспиз деп айтты. Демек өкмөттүн мындай чукул чечимге баруусуна Орозбек мырза, сиз кандай деген ойдосуз, эмне себеп болду?

О. Дүйшеев: - Анализдебей туруп, ушундай иш жасаса бул жакшылыкка алып келбейт. Акылбек айтып атпайбы, өздүк наркы өтө кымбаттап кетти деп. Кымбаттай турганга себеп жок. Мына бизде электр энергиянын 95 пайызын гидроэлектростанциялар иштеп чыгарышат. Ал жакка чыгымдала турганы суу, а суу бекер, айлык акы, анан амортизация, анан албетте майлоочу ж.б. бар. Мына мен булардын 2007-жылкы отчетун эсептеп көрсөм, жалпы энергия чыгарыш үчүн 2 млрд. 853 млн. сом расход болгон экен. Ал эми чыгарган электр энергияга бөлсөк, орточо баасы 21,3 тыйын эле болгон электр энергиянын өздүк баасы. Ал эми 63 тыйындан саттык деп өздөрү отчет берип атат, рентабелдүүлүгү үч эсе кымбат болуп атат.

Демек бул жерде дагы кандайдыр бир иштетилбеген нерселер бар. Айтып коелу, бул жерде туура айтып атат, электр энергиянын чыгаруунун баасы кымбаттаган себеби - бул жылуулук энергиясы кымбаттады, көмүр, газ кымбаттады, бул бир жөн. Бирок негизинен тигилер калды. Мына сиздер айтып атасыздар, биздин бүгүнкү күндөгү негизги мүлктүн калганын, бул туура эмес, бухгалтердик эсебиңер туура эмес. Анткени капиталдык ремонт кылгандан кийин ал жаныланды, канча каражат жумшалса, аны кайра тиги жакка кошушуңар керек.

А. Түмөнбаев: - Жаңыланбай атпайбы.

О. Дүйшеев: - Жок, жаңыланып атат.

«Азаттык»: - Ушул жерден Акылбек мырзага суроо бергим келип турат. Силер айтып атпайсыздарбы, таптакыр жабдуулар жаңыланбай жатат деп. Бирок 1994-жылдан 2001-жылдар аралыгында эл аралык финансы институттарынын 329 млн. доллар келмек экен, анын 210 млн. долларын кыргыз өкмөтү алган экен. Бирок ушул күнгө чейин 160 миллиону кайда, эмнеге жумшалганы белгисиз деп жатышат. Ушунун дарегин тактап бере аласыздарбы?

А. Түмөнбаев: - Ал белгилүү эле. Мен жанагы Роджердин айткан жообуна кошумча келтиргим келип атат. Мисалы мен дагы ошондой сөздү уккам. Бирок Дүйнөлүк Банк, же башка дүйнөлүк уюмдар эч бири кысым көрсөтүп, тарифти көтөргүлө деген сөз болгон эмес.

Бирок биз 1996, 98, 2000-жылдары кредит алып атканда алардын биздин мамлекет менен келишими бар болчу. Тарифти кичинеден-кичинеден көтөрүп отургула, антпесеңер энерго системаңар кыйрайт, кризиске келет деген. Мунун баарын дүйнөдө мамлекеттер өтүп бүткөн да, биз эле өтө элек болчубуз. 2002-жылдан 2009-жылга чейин тарифти көтөрбөй отуруп алдык. Ошолордун айтканы келди. Азыр алар эч нерсе деген жок. Биз өзүбүз, энерго система кыйрап баратат деп чыктык.

Мен башында айтпадымбы, 1 млрд. 482 млн. дефицит менен чыгып атабыз биз, карыздар менен жашап атабыз, казактардан акысын алдын ала алып атабыз. Ошол айткан кредиттер кайда кетти, мына ТЭЦтин 11- турбогенераторун койгонго кетти, Таласта 500 киловольт подстанция курганга кетти, Кумтөрдү электр кубаты менен камсыз кылуу үчүн Балыкчыдагы подстанцияны курдук, Тамгага чейин 220 киловолттук линия алып бардык. Ушунун баары кредиттердин эсебинен жасалды да. Болбосо тариф менен мындай нерсени жасай албайбыз да биз.

«Азаттык»: - Тарифтерди көтөрүү менен өкмөт бул тармактын баасын түшүрүп, анан чет өлкөлүк инвесторлорго арзан баада өткөрүп бергени жатат деген пикирлер айтылып жатат. Мисал үчүн бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

А. Түмөнбаев: - Бөлүштүрүү компанияларды сатуу жөнүндө бүгүнкү күнү эмес, 2001-жылы Жогорку Кеңеште программа кабыл алынган, 2001-жылы түзөтүүлөр кирген. Бирок бөлүштүрүү компанияларын сатуу боюнча ошол убакта эле программа бар болчу. Бирок улам кечеңдеп жүрүп отурду. Бирок андан кийин кайра дагы Жогорку Кеңеште бул маселе каралган, бекилген, бирок ушул тарифтин көтөрүлгөн убагы, же жаңы өкмөт тарифти кабыл алган убакта ушулардын болгону бул дал келип калган учурлар десек болот. Анткени тарифке карабай эле, өзүнчө программа бар болчу, мурун эле сатылыш керек болчу.

«Азаттык»: - Бирок азыр эле Орозбек мырза айтып атпайбы, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы 8 тыйын деп.

А. Түмөнбаев: - Сиз 96-жылкыны айтып атасыз?

О.Дүйшеев: - Мен силерге таптак айтып берейин, силердин отчетуңар боюнча, 2007-жылкы ГЭСтердин өздүк баасы 3,8 тыйын болду, ТЭЦтики 1 сом 26 тыйын болду. Бул силердин отчетунардан, мен башка жактан алган жокмун. Ошонун негизинде келип туруп жалпы электр энергиясын иштеп чыгыш 10 тыйын болду. Анан жогорку вольттогуларга дагы 10 тыйын кошолу, ошондо эки эсе көбөйткөндө 20 тыйындан ашпайт өздүк баасы. Ошолорго жеткенге чейин 20 тыйын, аны өздөрү тактап алат. Анткени карап көрүңүздөр, ошонун негизинде булар жөнөкөй эле бааны койгон жок да бөлүштүрүүдө.

«Азаттык»: - Бирок дагы бир нерсе болуп турбайбы, ошол өндүрүлгөн энергия мисалы бөлүштүргүч компанияларга жеткенден кийин техникалык, коммерциялык жоготуу дегендердин деңгээли 30-40 пайызга чейин жетип кетип жатпайты, анан эмне үчүн ошол жоготууларга жол берген адамдарды жазалабай жатасыздар?

А. Түмөнбаев: - Сиз айтып атпайсызбы тарифти. Бирок 2007-жылы газдын, көмүрдүн баасы кандай эле, аны сиз айткан жоксуз. Мына мен айтып атпаймбы, ТЭЦтин эмне үчүн баасы көтөрүлөт?

О.Дүйшеев: - Эки эсе көтөрүлсүн.

А. Түмөнбаев: - Эки эсе эмес, үч эсе. Башында айтпадыкпы диагноз коюш керек деп. Мына өкмөттүн токтомунда тарифтик саясат боюнча премьер-министр кол койду, Маммүлк аудит кылган атат. Ошондо көрөсүздөр, эгер ошондо биздин тарифтер баасы 14 жарым тыйын ГЭСтерде чыкпаса, же болбосо 43 жарым тыйын болгон баардык станцияларда чыкпаса, 25,5 жеткирип берчү компаниянын нарк баасы чыгат, анан 42 жарым тыйын бөлүштүрүү компаниялар чыкпаса, ошондо анан сурап аласаңыздар болот. Жоготуулар боюнча жаза алчулар алды.



«Азаттык»: - Азыр экономикалык айрым эксперттер айтып жатышат, тарифти көтөрүү менен, мисалы сиздер айтып жатпайсыздарбы, Камбар-Ата ГЭСин курууга дагы каражат жумшалат деп. Бирок Камбар-Ата ГЭСин курууга каражат табуу мүмкүн эмес. Себеби бир киловатт электр энергиянын баасын 8-10 центке чейин көтөрүлгөндө дагы каражат жыйналбайт деп жатышат. Себеби энерго тармакка кирген жети компаниянын дагы бири-биринин ортосунда карыздары көп экен. Сиз кандай ойдосуз?

О.Дүйшеев: - Суроолор көп, жооп аз. Маселен айталы, акча жок деп атабыз. Бирок ошол эле убакта 97-жылдан баштап туруп, эмнегедир чет элге саткан энергиянын баасын бир нечеси айтып салышкан. Маселен, Өзбекстанга 4 центтен кымбат сатсак, азыр бир центтен сатканбыз, быйыл кичине көбөйдү. Ал эми Орусияга 0,6 центтен сатканбыз, ушинтип отуруп орточо сырттан түшкөн акчаларыбыз аз болуп калган. Айтып коелу, 2001-жылы 82 млн. түшкөн, азыр канча экенин эсептөө татаал.

«Азаттык»: - Буга эмне себеп болгон?

О.Дүйшеев: - Буларга байланыштуу эмес. Буларды азыр кыйнаган менен эч нерсе чыкпайт. Анткени маселенин баарын жогорку жактагылар чечет. Ошондуктан айтып атпайбызбы, кадр маселеси деп. Кадр маселесинде да чоң маселелер бар да. Маселен, мага жооп берген Танаевдин каты бар. 2003-жылкы оор акыбалды биз сураганбыз. Эң жаман иштеген Балкыбековду жоопко тартыштын ордуна министр кылышты. Ушинтип улам-улам ары жактан, бул жакка которо беришет.

Ал жооптуу иштей турган жаш балдар кетип калып атышат. Тармакты башкаруу маселесин өзгөртүш керек. Биздин ГЭСтерибиз абдан татаал жерде орноштурулган. Жогорку чыңалуудагы мамылар тоонун арасында. Бул бир кишинин колунда туруш керек. Анын ордуна энергияны чыгарып, таратып беребиз, ал эми тиги жакта соодагерлер отурат. Анын көзөмөлү жок. Энергияны чыгаргандар өздөрү кожоюн болуш керек. Мына биз ушундай кылып туруп реформа болмоюнча бүгүнкү тарифти көбөйтүп аткан менен, Акылбек сизге айтып коеюн, мындан эч нерсе чыкпайт. Анан чет элге берип койсоңор, алар кыргыз үчүн ойлонобу?

«Азаттык»: - «Азаттык» Интернет сайтына пикир жазгандар дагы, айрым саясат талдоочулар дагы айтып жатышат, өкмөттүн бул тариф саясаты социалдык нааразылыкты күчөтөт деп. Мисал үчүн “Ата мекен” партиясы каршы турууга чакырбадыбы, коом, эл ушул чакырыкты колдоп кетет деген ойдосузбу?

О.Дүйшеев: - Муну айтыш кыйын, убакыт көрсөтөт да. Айтып коелу, Коомдук палатанын мүчөсү катарында менин кулагымды жеп атат эмне отурасыңар деп.

А. Түмөнбаев: - Коомдук палата бизди укпадыбы.

О.Дүйшеев: - Уктук, силерди укканыбыз да, жалаң кышка даярдык.

А. Түмөнбаев: - Экспорттук тарифтин баасы деп атпайбызбы. Аны биз кое албайбыз. Кептин баары ушунда болуп атат. Биз сүйлөшөбүз, ушунча баада аласыңар, биз сууга да байланыштырып атабыз, жайында мынча суу беребиз деп. Бирок азыр Борбордук Азияда энерго рынок деген пайда болду. Алар мисалы казактардыкы, тажиктердики, жай айында энерго рынокто канча баада сатып алса, баарын бөлүштүрүү компаниялары сатып алат. Андан ашык ала албайт алар дагы. Мына акыркы убактарда бааны, Орозбек Дүйшеевич сиз билесиз, өкмөт арасындагы келишимдер менен коюлат.

О. Дүйшеев: - Ошону айтпадымбы, силердин колуңардан келбейт, бул жогору жактан.

«Азаттык»: - Эми жылуу суу маселесине кайрылсак. Азыр жылуу сууга тарифтер жогорулагандан кийин борбордо жана башка шаарларда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар жылытуу түтүктөрүн кестирип таштап, автономду жылытууга өтүшөт деп айтып жатышат. Себеби мындай практика Орусия менен Казакстанда болгон экен.

А. Түмөнбаев: - Өкмөт тапшырма берди. Азыр бардык тиешелүү закондорго жана нормативдерге өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Орусияда кабыл алды, ошол ысык сууну албайм деп бөлүнүп кеткенге закон менен тыюу кылып атышат.

«Азаттык»: - Бул адамдын укугун бузуу болбойбу?

А. Түмөнбаев: - Жок, бул адамдын укугун бузуу эмес. Бир коомдо жашап, же бир үйдө жашасаң - закон ченемдүүлүк болуш керек да. Бирөө чыгып “Аристон” койсо, анда ысык суунун, жылуулук электр энергиянын жалпы балансы бузулат. Биз ошого жеткирбешибиз керек. Менимче, азыркы коюлган баалар төлөмүнө жетиштүү. Анткени президенттин өзүнүн Жарлыгы менен баарына компенсация берилип атат. Аны биз туура түшүнүшүбүз керек. Анан бир жагынан тарифти карап коюп эле, экинчи жагын унутпашыбыз керек.

«Азаттык»: - Бирок 200 сомдук компенсация жетеби?

А. Түмөнбаев: - 200 сом эмес. Мисалы жалгыз жашагандарга миңден көбүрөк берип атат. Ал 200 сом электр энергияныкы. Мэрия болсо мурун 3 жарым миң жылуулук электр энергиясын алган кишиге компенсация кылчу экен. Такташтык, алар өкмөткө да барып кошмча 18 миң кишиге дотациясын берген атат. Мунун баары эсептелүү. Колунда барлар, төлөй тургандар, төлөш керек да. Биз баарына бирдей, союз убагынан бери эле төлөй турганга да, төлөбөй турганга да жеңилдик бере бергенбиз. Мисалы электр энергиянын баасы азыр дагы аз.

«Азаттык»: -Дагы тактап койчу бир маселе болуп турат. Өткөн жумада Борбор Азия бирдиктүү энергия системасынан расмий түрдө Өзбекстан чыгып кетпедиби?

А. Түмөнбаев: - Чыга элек. Чыгабыз деп берди. Алар чыкса дагы казактар жагынан чыгабыз деп турат. Бирок биздин өзүбүздүн келишим бар алар менен. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп атат, дагы болот сүйлөшүү.

«Азаттык»: -Эгер биротоло чыгып кетсе Кыргызстанга кандай таасири тиет?

А. Түмөнбаев: - Анда чындыгында эле кыйын болот. Анткени биздин Ош, Жалал-Абаттагы гидростанциялар Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Үч-Коргон, Күрп-Сай ГЭСтеринин электр энергиясы Лачын деген Өзбекстандын подстанциясына барып, анан Ошко, Баткенге кетет. Алар эгер ошол жерден чыккан болсо бизде көбүрөөк чектөөлөр болот Баткенде дагы, Ошто дагы. Биздин электр энергияны бул жакка алып келиши да кыйын болот. Анткени биздин электр энергия Өзбекстанга, Казакстанга, анан кайра келип бизге Бишкекке келип атпайбы. Бир гана линиябыз бар 500 киловолттук Токтогул-Чалдовар деген. Биз кылып аткан аракетибиз Датка деген подстанцияны курушубуз керек түштүктө. Биздин электр энергиянын баарын ошол жерге чогултуп, анан Датка-Кемин деген 500 киловольттук линияны курушубуз керек. Ошонун үстүндө иштеп атабыз.

«Азаттык»: - Сиздерге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG