Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү


Жактоочу Таир Асанов «Азаттыкка» кабарлашынча, журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө тиешелүү кылмыш ишин Ноокат райондук соту эки ай мурда карап, териштирүү чала болгондугун белгилеп, кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Бирок маркумдун мыйзамдуу өкүлү облустук сотко даттанып, мындай чечимге каршы экендигин туюнтуп, сот жараянын башка районго которууну талап кылган эле. Ошого карабастан Ош облустук соту 1-декабрда Ноокат райондук сотунун токтомун күчүндө калтыргандыгын жарыялады. Буга байланыштуу Ноокат районунун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев иш чала тергелген дегенге макул эместигин билдирди.

Ушул жылдын 4-июлунда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ошентсе да, мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган. (ATo)

XS
SM
MD
LG