Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

СДП фракциясы Балыкчы сотуна кайрылуу жолдоду


Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын депутаттары Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбиевге жолдогон кайрылуусунда Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Ысык-Көл облусунун тургундарына байланыштуу сот жыйынында күбөлөр, жабырлануучулар кылмыш болгонун ырастабагынын белгилеген. Кйрылууда айыпталып жаткандар тергөө учурунда мажбурлоодон, кыйноолордон улам берген алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартышканына депутаттар күбө болушканы айтылат. Ошондой эле СДП фракциясынын депутаттары улуттук коопсуздук, прокуратура органдары жакшылап териштирбестен, адамдарга оор күнөө тагып, мыйзамсыз жана негизсиз айыптап, ар кандай аракеттерге түртүп жатышканын билдирип, Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбиевден соттолуучуларга карата актоо өкүмүн чыгарууну өтүнүшкөн. Кайрылууга СДП фракциясынын 9 депутаты кол койгон.

23-июлда президенттик шайлоодо Балыкчы шаарында конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасашты, массалык тартипсиздиктерди уюштурушту, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылышты деп айып тагылып жаткан 19 адамга карата сот өкүмүн 2-декабрда чыгарышы күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG