Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:37

АКШ Ооганстанга кошумча отуз миң жоокер жөнөтөт


АКШ Ооганстанга Талибан менен “ал-Каидага” каршы күрөшүү үчүн дагы 30 миң аскер жөнөтөөрү тууралуу президент Барак Обама Нью-Йорктогу Вест - Поинт аскердик академиясынан жарыялады. АКШ президенти ал жерде бүгүн Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:00- 7:30тун аралыгында сүйлөдү. Жаңыдан жөнөтүлүүчү 30 миң аскерди кошкондо АКШнын Ооганстандагы жоокерлеринин саны 100 миңге жакындап бармакчы.

Барак Обама өз сөзүндө ошондой эле АКШ аскерлери Ооганстандан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берүү ишинде ийгилик жетишилгенден кийин, эң эрте дегенде 2011-жылдын июль айынан тарта чыга баштоону көздөөрүн да белгиледи:

-Башкы командачы катары Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтүү биздин өтө маанилүү улуттук кызыкчылыгыбызга төп келет деп чечтим. Он сегиз айдан кийин биздин жоокерлер мекенине кайта баштайт. Бул ресурс бизге демилгени колго алып, ошол эле учурда аскерлерибизди Ооганстандан жоопкерчилик менен чыгарууга мүмкүндүк бергидей ооган кудуретин жаратуу үчүн зарыл.

Бирок Барак Обама АКШ Ооганстандагы миссиясы аяктоочу мөөнөтү так белгилеген жок.


Обаманын планына ылайык, жаңыдан жөнөтүлүүчү 30 миң аскер Ооганстанда келерки жылдын биринчи жарымында жайгаштырылат.

АКШ президенти кошумчалагандай, Ооганстандагы согуш уттурулган жок, бирок өлкөдөгү кырдаал артына кетти жана олуттуу көйгөйлөр кала берүүдө. Талибан мүмкүнчүлүктөн пайдаланды, “ал-Каидада” болсо Пакистан менен чектеш аймактарда баш калкалоочу коопсуз жайлар али бар.

АКШнын Ооганстандагы максаттары катары Обама Талибанга каршы күрөшүүнү, “ал-Каиданы” жашырынуучу жайлардан ажыратууну, калк жашаган борборлорду экстремисттердин кол салууларынан жана коркутууларынан коргоону, ооган күчтөрүн коопсуздук жоопкерчилигин өткөрүп алгыдай кылып машыктырууну атады.

Барак Обама ага катар ооган кесиптеши Хамид Карзайды коррупцияга каршы чара көрүүгө, ооган элинин коопсуздугун жана аларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга чакырды. АКШ ооган өкмөтүнө колдоону эч шартсыз эле көрсөтүүгө даяр эмес экенин белгиледи.

АКШ президентинин айтымында, Ооганстандагы ийгилик коңшу Пакистанда экстремисттерге каршы күрөшкө, демократиянын колдоого алуу улантылышына жана өнүгүүгө көз каранды.

Барак Обама Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберилери тууралуу сегиз жыл мурда башталган ооган согушу боюнча стратегияны үч ай бою иликтеген соң жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG