Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

СПИД илдетин алып жүргөндөрдүн укуктары бузулууда


СПИД илдетин профилактикалоо боюнча программасынын координатору Эдил Тилековдун “Азаттыкка” билдиришинче учурда ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн балдарын мектепке албай коюу же аларга медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу өңдүү көрүнүштөр токтобой келет. “Бүгүн коом мындай адамдарга түшүнүүчүлүк менен мамиле кылууга даяр эмес болуп жатат. Аларга карата басмырлоолор дале күч. Коомдук аң сезимге "Алар деле биздей эле адамдар" деген түшүнүктү жеткирүү зарыл. Биз учурда бул жаатта иш алпарган өнөктөштөрүбүз менен маселени чечүү жолдорун издеп жатабыз ”,-дейт ал.
СПИД илдетине чалдыккандардын укугун коргоо проблемасына арналган тегерек тол маек бүгүн “Кызыл ай” коомунда уюштурулду. Ага СПИД боюнча шаардык борбордун, 1-Май, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жана СПИД илдетин алып жүрүүчүлөрдүн укугун коргоо жаатында иш алпарган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG