Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Казакстан Кыргызстанга 5,8 млн доллар гуманитардык жардам берет


Бул каражатты Казакстан Кыргызстанга нак акча түрүндө бере турган болду. Ал каражатка Кыргызстан көмүр сатып алат. Кимден сатып аларын Кыргызстан өзү чечет. Бул жөнүндө келишимге Кыргызстандын премьер-министри Д. Үсөновдун Астанага жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилди. “Көмүрдү Казакстандын ичинде ташуу алардын ички тарифтери менен жүргүзүлө турган болду. Башкача айтканда адаттагыдан 50 пайызга арзан болот. Мен бул абдан жакшы иш болду деп эсептейм, анткени биз казакстандыктар өздөрү төлөгөн эле акчаны төлөйбүз. Бул көмүр Бишкек ТЭЦине келип түшөт, бул биздин республиканын баш калаасынын жашоочулары кыштан кыйналбай чыкканга жардам болот”, -деп белгиледи Д. Үсөнов. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG