Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Кыргызстан-Казакстан энергетикалык маселелерди чечүү жөнүндө макулдашты


"Кыргызстан менен Казакстан эки өлкөнүн энергетикалык системаларын өнүктүрүү боюнча суу-энергетикалык маселелерди чечүүгө жетишти”,-деп билдирди Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсүндө. Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан тараптан кубаттуулугу 500 кВт келген “Датка” подстанциясын жана “Түштүк-Түндүк” магистралдык электр линияларын куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Казакстандын Президенти тарабынан Алматы-Кемин электр линиясын Казакстандын эсебинен куруу маселеси колдоого алынды. Кыргыз тарап бул келечекте көп проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт. Бул маалыматты Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG